Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:02

ӨЗБЕКСТАНДАГЫ АДАМ УКУКТАРЫНЫН АБАЛЫ БУУда ТАЛКУУЛАНДЫ


Өзбекстандагы адам укуктарынын абалы 21-мартта БУУнун тийиштүү комитетинде талкууланды. Комитеттин көз карандысыз эксперттери Өзбекстан адам укуктары боюнча милдеттенмелерин аткарбай жатканын аныкташкан. Расмий Ташкен болсо БУУнун буга чейнки сунуштарын ишке ашырып жаткандыгын ырастоодо.

БУУнун адам укуктары боюнча комитетинин мүчөлөрү Өзбекстандагы абалга байланыштуу камтамачылыгын билдиришти. Ушул аптада комитет өлкө Саясий жана жарандык укуктар боюнча эларалык конвенцияны кантип аткарып жаткандыгын талкуулады.

Ташкенттин расмий делегациясына Өзбекстандагы саясий репрессиялар жана абактардагы шарттар жөнүндө оңой эмес суроолорго жооп берүүгө туура келди. Комитеттин мүчөлөрү ошондой эле маалымат каражаттарынын үстүнөн болгон көзөмөл, сөз эркиндиги, аялдардын абалына байланышкан маселелерге кызыгышты. Өлкөдө өлүм жазасы колдонуп келатканы комитетти өзгөчө тынчсыздандырат. Эксперттер Өзбекстан 15 кишинин жогорку жазасын ишке ашырбоо боюнча комитеттин буга чейинки талабына көңүл кош мамиле жасап, өзүнө алган милдеттенмелерди олуттуу түрдө бузууда деп ырасташты.

Ташкенттин өлүм жазасына кесилген адамдардын саны мамлекеттик сыр деп, так маалыматты жашырып жатканы айрым адистердин нааразылыгын туудурду.
Талкууга катышкандардын бири, австралиялык Иван Ширер:

- Ушундай маанилүү маалыматты жаап-жашыруу тунуктуктун жоктугун далилдейт. Ансыз эл, Өзбекстандын ичинде же сыртында болобу, Ташкент сөз кылган оң жылыштар болуп жатканын кантип билет, аларга кантип баа берет.

Өзбек делегациясын адам укуктары боюнча улуттук борбрдун төрагасы, депутат Акмаль Саидов жетектеп барды.
Анын айтымында, өкмөт сот системасын либералдаштырууну көздөөдө. Анын алкагында бара-бара өлүм жазасынан баш тартууга даярдыктар көрүлмөкчү.
Саидов Өзбекстанда 6 миңден ашык киши диний көз караштары үчүн камакта отурат деген маалымат чындыкка дал келбейт деп, миңдеген адамга мунапыс

- Ушу тапта Өзбекстанда диний ишеними үчүн 800дөй киши түрмөдө отурат. Алар Өзбекстандын аймагында ишке ашырыган экстремисттик иш-аракеттери үчүн кесилген.

БУУнун комитетинин төрайымы Кристин Шане болсо алар оор кылмыштар үчүн камалганбы же көз караштары үчүн жазаландыбы, ошону тактоону суранды.

Швейцариялык эксперт Валтер Калин Өзбекстанда 2001-жылга караганда айрым прогресс бар экенин белгилеп:

- Бизге берилген маалыматтар менен чыныгы жагдай айырмаланып тургандай таасир калды. Түрмөлөрдөгү мыйзам бузуулар, зордук-зомбулук жөнүндөгү фактылар тууралуу бейөкмөт уюмдар гана эмес, басма сөз, БУУнун мекемелери да кабарлашууда.

Өзбек делегациясы өкмөт БУУнун сунуштарын аткарууга даяр деп билдирди. Уюумдун атайын өкүлү 2002-жылы өлкөнүн жаза өтөө мекемелериндеги кыйноо фактылары менен таанышып чыгып, баяндама жасаган эле.

Хьюман Райтс Уоч уюму өзбек абактарындагы уруп-сабоо, кыйноолор, түрмөдө кармоо шарттары начар бойдон кала бергендигин айтышууда.

XS
SM
MD
LG