Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:26

ДҮЙНӨ КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ОКУЯЛАРГА ЭТИЯТ МАМИЛЕ КЫЛУУДА


Кыргызстанда болуп жаткан окуяларга коңшулаш өлкөлөр жана Россия этияттык менен мамиле кылышып, тараптарды кырдаалды курчутпай, сабырдуулукка чакырууда. Дүйнө Украина жана Грузиядагы ынкылап кезиндегиден айрымаланып, кыргыз өкмөтүнө ачык колдоо көрсөтүп жаткан жок. Анын себеби эмнеде? Коңшулаш өлкөлөр Кыргызстандагы жагдайга кандай карайт?

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун талдоочусу Жереми Бранштендин айтымында, азыр Кыргызстанда жүрүп жаткан окуяларга Батыш өтө астейдил мамиле кылып, не өкмөттүн, не оппозициянын тарабын албай жатат:

- Батыш саясатчылары Кыргызстандагы жагдайды кылдат байкашып турганы ачык көрүнүүдө. Алар оппозиция тарапка же башка жакка ачык колдоо көрсөтпөй этият турат. Бул Грузия жана Украина окуялары болгон кездегиден кескин айрымаланат. Байкашымча, (Батыш) бул эки өлкөнүн оппозициясына ачык эле колдоо көрсөткөн.

Бранстен анын себеби жөнүндө мындай пикирде:

- Менин оюмча, анын эки чоң себеби бар. Биринчиси, оппозициянын чыныгы лидери ким экенини белгисиз болуп жатканы кооптондурууда. Экинчиси, биз көргөн кагылышуулар жана оппозициянын айрым жактоочуларынын күч колдонууга даяр экени чочулатууда.

Мамлекеттик думанын мүчөсү Константин Затулин “Эркин Европа/Азаттык” радиосуна берген интервьюсунда Россия Кыргызстандагы жагдайды сырттан байкап атат:

- Менин оюмча, Россия түз кийлигишпей, саясый сүйлөшүүлөрдүн жолун, бул жараяндардын мыйзамдуу өтүшүнө жол издеп, эки тараптын сүйлөшүүгө баруусуна көмөктөшүүсү же ыңгайы келсе, арачы болуусу абзел.

Затулиндин боолгошунча, Кыргызстандын түндүгүндө кырдаал курчуп кетсе, Россия байкоочу катары сыртта турбайт:

–Эгерде окуя дагы ырбап, ортолуктагы жана түндүктөгү облустарга, борборго жайылып кетсе, Россия Олимпия тоосунун кырында кала албайт жана кырдаалга өтө эпкиндүү катышуусу ыктымал экенин жокко чыгарбайм.

Ош жана Жалалабадда 20-мартта болгон кагылышуудан кийин Өзбекстан жана Тажикстан чегара күзөтүн бекемдеген. Өзбекстандын тышкы иштер министрлиги Акаевге жана анын оппоненттерине кайрылып, “саясый кризисти тышкы күчтөрдүн катышуусуз тынч чечүүгө” үндөдү.

Тажик өкмөтүнүн Кыргызстандагы кырдаалга карата мамилесин тышкы иштер министрлигин өкүлү Игорь Сатторов билдирди:

-Бул окуялар бизди көңүлкош калтыра албайт. Жакында эле ич ара согуштун түйшүгүн баштан кечирген Тажикстан бардык тараптарды маселени өз ара сүйлөшүп, тынч, Кыргыз Республикасынын Конституциянын чегинде чечүүгө чакырып келди жана чакырат. Саясый максат кандай гана асылзат иштерди көздөбөсүн, мыйзамга каршы зобундукка барууну жана радикалдуу саясый мүдөөнү эч нерсе актай албайт. Мунун аягы бир тууган Кыргызстан эмес, бүтүндөй региондогу тынчтык жана туруктуулук үчүн да опурталдуу.

Кошмо Штаттары да Кыргызстандагы кырдаал сүйлөшүү жолу менен жөндөөнүн зарылдыгына көңүл бурган.

Ал эми Тажикстандын Социал-демократтык партиясынын жетекчилеринин бири Шокир Хакимов кыргыз оппозициясынын аракети Борбор Азиянын башка өлкөлөрүндөгү оппозициялык кыймылдарга түрткү болот деп божомолдойт:

- Кыргызстандагы демократиялык жараяндар туш келген кыйынчылыктар Тажикстандагы жана бүтүн региондогуга окшош жана (Кыргызстандагы) окуялар регионду жандап өтүп кетпейт.

Ушу тушта Казак парламентинин бир нече өкмөтчүл мүчөсү ар кандай саясый демонстрацияга тыйуу салган мыйзам кабыл алууну сунуш кылышты.
XS
SM
MD
LG