Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:42

Митинг кантип башталды


БИШКЕК. 24-мартта эртең мененки саат ондо Бишкектеги мындан эки күн мурун саясий ачкачылык жарыялаган Жеңишбек Назаралиевдин медициналык клиникасынын жанында адамдар чогула баштады. Алардын алдына оппозиция лидерлери Курманбек Бакиев, Роза Отунбаева, Азимбек Бекназаров, Арслан Малиев жана башкалар сөз сүйлөп, президент Аскар Акаевдин кызматтан кетүүсүн талап кылды. Вице-премьер-министр, ички иштер министринин милдетин аткаруучу Кеңешбек Дүйшөбаев да митингчилер алдына чыгып сүйлөп, нааразылык акциясына чыккандарга каршы күч колдонулбасын, чагымчылар пайдаланылбасын билдирди. Түшкү саат он экиге карай төрт миңден ашуун элди Курманбек Бакиев, Роза Отунбаева, Исмаил Исаков, Виктор Черноморец, Ишенгүл Болжурова жана башкалар баштап, борбордук Алатоо аянтына карай жылды. Өкмөт үйүнө жакындаган элди жүздөгөн адамдар каршы чыгышты. Бирок эл аларды жарып өтүп, Алатоо аянтында митингди баштады. Митинг учурунда колуна союл жана калкан кармаган жүздөгөн жаштар аларга каршы турушту. Мына ушул кол салуу аянтта башаламандыктын башталышына себепкер болду.

XS
SM
MD
LG