Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:02

КЫРГЫЗ ТЕЛЕКӨРСӨТҮҮСҮ ДЕМОНСТРАНТТАРДЫН КОЛУНА ӨТТҮ


Кыргыз телекөрсөтүүсү мурдагы жетекчилери Сыртбай Мусаев менен Бейшенбек Мамбетакунов өздөрүнүн милдеттерин убактылуу Султан Абдрахманов менен Бейшенбек Бекешовго өткөрүп беришти.

Ушул тапта Кыргыз телекөрсөтүүсү жана радиоуктуруусу аркылуу оппозициянын өкүлдөрү чыгып сүйлөй башташты. Алгачкы меймандардын бири - мурдагы депутат, мурдагы "Эридан" фирмасынын жетекчиси Данияр Үсөнов болду. Ушул сааттарда Султан Абдрахманов Арслан Малиев, Оксана Малеванная, Чолпонбек Базарбаев сүйлөп жатышат.

Оксана Малеваннаянын айтымында ушул сааттарда Кыргызстандын эл биримдиги координациялык кеңеши жыйын өткөрүп жатат.
XS
SM
MD
LG