Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:03

Феликс Кулов Аскар Акаевдин жеке керт башынын коопсуздугу камсыз болот деди


Бүгүн абактан бошогон Феликс Кулов Кыргыз телекөрсөтүүсү аркылуу сүйлөгөн сөзүндө президент Аскар Акаевдин жеке коопсуздугу камсыз кылынат деп билдирди. Эгер Аскар Акаев бийликти конституциялык жол менен өткөрүп берсе, анын жеке коопсуздугу жана үй бүлөсүнүн коопсуздугу камсыз кылынат деди оппозициянын лидерлеринин бири.

"Бул ыңкылапты эл жасады, - деди Кулов, - бирок эртеңки күн да келет, биз аны да ойлошубуз керек. Мени отургузган президентке жана сотторго жеке кегим жок. Мен эч ким эч кимди сабабасын дейт элем. Биз бүтүн дүйнө жүзүнө цивилизациялуу журт экенибизди далилдешибиз керек", - деди Феликс Кулов.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG