Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:45

АКШ элчилиги элди сабырдуулукка чакырды


БИШКЕК. АКШнын Кыргызстандагы элчиси Стивен Янг демонстранттарды сабырдуулукка, талап-тоноого, зордук-зомбулукка жол бербөөгө чакырды жана АКШ элчилиги кризисти тынчтык жолу менен чечүүгө өзү тараптан бардык аракеттерди көрөрүн билдирди. АКШ элчилиги ошондой эле тараптарды тынчтандыруу жана иштин жөнгө салынышына ортомчулук кылып жаткан Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун аракеттерин колдоорун белгиледи. Ушул эле күнү аянтта эл биримдиги координациялык кеңешинин төрагасы Курманбек Бакиев, телеберүүдөн элге кайрылган саясатчы Феликс Кулов талап-тоноого, тартип бузууларга жол берүүгө болбой турганын белгилеп, бул багытта бардык аракеттер жасаларын убада кылышты.

XS
SM
MD
LG