Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:05

Бишкектеги чоң-чоң дүкөндөр таланып-тонолду


БИШКЕК. Окуяга байкоо жүргүзүп жаткан кабарчыларыбыздын маалыматына караганда, өкмөт үйүнө каптап кирген демонстранттар тарабынан мамлекеттик жогорку кызматкерлер таяк жешти. Өкмөттүк жана президенттик администрация кызматкерлеринин айрым иш бөлмөлөрдөгү компьютерлер, отургуч, үстөлдөр талкаланды, буюмдарды ташуу фактылары да катталды. Ошондой эле мамлекеттик кызматчыларга таандык эки автоунаа өрттөлүп кетти. Эл биримдиги координациялык кеңеш ушул өндүү тартип бузууларга жол бербөө үчүн өкмөт үйүнүн ар бир кабатына 20дан уланды күзөткө койду.

Ошого карабай Бишкектеги "Бета сторес", "Силку увей", "Дордой Плаза", "Айчүрөк" жана "Народный" деген ири-ири дүкөндөр кечке жуук таланып-тонолду.

XS
SM
MD
LG