Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:21

Кыргызстан жаңы премьерин шайлады


Ушул сааттарда Жогорку Кеңештин жыйыны өтүп жатат. Андан алынган соңку маалыматтарга караганда спикерликке Кубатбек Байболов менен Ишенбай Кадырбековдун талапкерлиги көрсөтүлүп, көп добуш менен Ишенбай Кадырбеков төрага болуп шайланды. Ал эми өкмөт башчылыкка Курманбек Бакиев дайындалды. Эртең парламент өкмөттүн курамын аныктап, бекитмекчи.

Кыргызстандын Конституциясы боюнча президент милдетин аткарбай калган учурда бийлик премьер-министрге өтөт. Бүгүн демонстранттар Ак үйдү ээлеп алышты. Николай Танаев отставкага кеткени белгилүү болду. Аскар Акаевдин кайда экени белгисиз. Өлкөдөгү бийлик оппозициянын жана элдик башкаруунун колуна өттү.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG