Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:28

Британиянын парламенттик комитети АКШ баштаган коалиция Иракка кол салууда олуттуу катачылыктарды кетирген деп эсептейт


Британ парламентинин аскердик комитетинин бүгүнкү докладында айтылгандай, Иракка кол салууну пландагандар Саддам Хусеиндин режими кулатылгандан кийин көргөзүлүүчү каршылыктарга жетиштүү даярданбаган жана бул жердеги козголоңчул кыймылдын масштабын туура баалаган эмес. Коалиция кол салууну айрым ирактыктар маданий жана экономикалык баскынчылык катары кабыл аларын күн мурунтан аңдап билиш керек болчу. Ошондой эле коалиция өлкөдөгү коопсуздукту сактоо үчүн жергиликтүү полицияны даярдоого кечигип киришти. Комитеттин эсебинде, Британия Ирактагы 8 миң аскеринин санын эң эрте дегенде эки миң алтынчы жылга чейин кыскарта албайт.

XS
SM
MD
LG