Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:15

Кыргызстандагы окуяларга карата алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдүн реакциясы


ИТАР–Тасс агенттигинин кабарына караганда Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров алар окуяларга байкоо салып жатканын жана кырдаал тынчтык жол менен жөнгө салынат деген ишенимде экенин айтты.

Ушул эле агенттик Орусия парламентинин кош палатасынын спикерлери Сергей Миронов менен Борис Грызлов Кыргызстанда болуп жаткан окуялар өлкөнүн ички иши жана ага четтен кийлигишүү ылайыксыз деген пикирлерин билдиргенин кабарлады. Мунун алдында Орусиянын премьер-министри Михаил Фрадков казак башкалаасы Астанда иш сапары менен жүргөн жеринен Кыргызстандагы окуяларды комментарийлеп, Орусия күч колдонулушуна каршы экенин, тараптарды өз талаштарын мыйзамдуу жол менен чечүүгө чакырарын белгилеген. Ушундай эле ойду Казакстандын премьер-министри Даниял Ахметов да айтты.

Кытай тышкы иштер министрлигинин өкүлүнүн билдиргенине караганда, Пекин Кыргызстандагы окуяларга кылдаттык менен байкоо салууда. Министрлик өкүлүнүн айтымында, Пекин Кыргызстандагы социалдык стабилдүүлүк сакталат деп үмүттөнөт.

Ал эми тажик тышкы иштер министрлигинин билдиргенине караганда, Душанбе кырдаал тынчтык жол менен чечилишин каалайт жана бул үчүн өзүнүн саясий жана моралдык колдоосун сунуш кылат.

Коңшу Казакстандын демократиялык күчтөрүнүн "Адилет Казакстан үчүн" деп аталган блогунун билдирүүсүндө бул оор учурда алар кыргыз эли менен тилектеш экени айтылган.

Кыргыз оппозициясына тилектеш экенин тажик оппозициясы да билдирди. Тажикстандын оппозициядагы демократиялык партиясынын лидери Рахматулоо Валиев мындай дейт:

- Кыргыз өкмөтү оппозиция менен сүйлөшүүсү керек болчу. Биз бүгүн оппозициянын жеңишин көрүп жатабыз. Бирок тынчтыкка сүйлөшүү аркылуу гана жетише алат. Алар Тажикстандын буга чейинки тажрыйбасын эске алышы абзел.

Тажикстан, Казакстан Кыргызстан менен чегараларын кайтарууну күчөттү. Ушундай эле кадамга мындан эки күн мурда Өзбекстан да барган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG