Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:00

Бириккен улуттардын баш катчысы кыргыз элин сабырдуулукка чакырды


Бириккен улуттардын баш катчысынын жардамчысы Фред Экхарддын айтымында, Кофи Аннан дагы Кыргызстандагы абал тууралуу такай маалымат алып турат жана ал кыргыз элине кайрылып, азыркы учурда эң негизги маселе - тартип деп билдирди: "

-Кофи Аннан ар бир кыргызстандык жаранга кайрылып, аларды коомдук тартипти сактоого жана адам укуктарын бузбастан, бардык маселелерди тынчтык ыкмасы менен чечүүгө чакырды.

Кыргызстандын АКШдагы элчиси Бактыбек Абдрисаевдин Вашингтон шаарында журналисттер менен жолукканын "Си-эн-эн" сыналгысы көрсөттү, анын айтымында, президент Аскар Акаев азыр коопсуз жайда, кызматынан чегине элек жана Кыргызстандагы окуялар өлкө конституциясынын бузулушу менен жүрүп жатат.

XS
SM
MD
LG