Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:28

Кыргызстандагы окуяларга АКШ менен Орусиянын мамилеси ар башка


АКШ жетекчилигинин пикиринде, Кыргызстанга азыр стабилдүүлүк керек, Мамлекеттик катчылыктын өкүлү Адам Эрелинин айтымында, өлкөдөгү абалды Вашингтон азыр ынтасын салып карап турат:

- Кыргызстанда болуп жаткан окуялар жана кыргыз эли өз тагдырын өзү чече баштаганы ар башка пикирлер менен коштолууда жана ал көз караштардын баары сыйланууга тийиш. Маселенин баары сүйлөшүү аркылуу жана өлкөнүн мамлекеттик түзүлүштөрүн пайдалануу менен мыйзам чегинде чечилиш керек.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров болсо Кыргызстанда түзүлгөн кризис үчүн Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюму кандайдыр бир ченемде жооптуу деп билдирди. Орус Мамлекеттик думасынын спикери Борис Грызловдун айтымында, Кыргызстандын ички иштерине сырттан эч ким кийлигишпеш керек.

XS
SM
MD
LG