Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:12

ЖАҢЫ БИЙЛИКТИН БАШ ООРУСУ БИШКЕКТИН КООПСУЗДУГУ БОЛУУДА


А.Акаев режиминин ойдо жок жерден ойрондолушу бийлик тизгинин алган оппозициянын алдына коопсуздук маселесин айкүрүнөн койду. Өкмөт үйү алынгандан кийинки талоончулук түн ичинде шаар ичиндеги соода жайларына жайылып, борбордогу ири дүкөндөр таланып-тонолду, өрттөлдү. Мындай ээнбаштыкты токтотуу, калк коопсуздугун сактоо ушу тапта жаңы өкмөттүн кечиктирилгис милдетине айланды.

Айрым маалымдоо каражаттарынын кабарына караганда, ыңкылаптан кийинки коогалаңдуу түндө Бишкекте үч киши набыт болуп, 350дөн ашуун адам жаракат алышкан. Ушу тапта Кыргызстандын коопсуздугуна көзөмөл милдетин аткарып аткан Феликс Куловдун маалымдашынча, шаар ичине тартипти сактоо милдетин алган милиция кызматкерлеринен 31 жарадар болуп, бирөө курман болду.

- Маалымат катары айтып коеюн, бир нече талоончу кармалды. Бизде дагы маалыматтар бар. Алар эми кармалат. Бүгүн башкача жагдай болушу мүмкүн. Мындай кыйын учурда биз элдин жардамына муктажбыз. Келгиле, жакын арада тартип орнотушубузга жалпылап жардам бергиле. Мен силерден ушуну суранат элем. Дүйнө алдында биз деле маданияттуу эл экенибизди, өз үйүбүздө тартип орното аларыбызды көрсөтүшүбүз керек, - деп айтты Ф.Кулов.

Шаарга түнкүсүн талоончулук салгандар кимдер экени белгилүү, деп билдирди генерал Ф.Кулов:

- Бүгүн тынч жашап аткан жарандарга талоон салган кылмышкерлерге катуу сокку урулат. Эң биринчи иретте түнкүсүн шимшиген шүмшүктөрдүн сазайын беребиз.

Шаар ичинде түнкүсүн уурдап-тоноочулуктун арбып кетиш себебин парламент депутаты Акылбек Жапаров момундай жагдайга байланыштуу түшүндүрдү:

- Элден уурдап алып биринчи кимди ойлорун көрсөтүп койбодубу. Аялы менен кызын, уулун, күйөө баласын ойлойт экен. Баары бир машинеге түшүп качып кетишти. А бизди болсо кырылып, согушуп, кан төгүлүп, андан кийин «мына мени эстеп жүргүлө» деп, мына ошентип мыскылдап күлүп коюп жатат.

Бийликтин алмашуусу чоң тоскоолдуктар менен коштолуп, анын салакасын барып-келип эле карапайым калк тартарын «Атажурт» саясий кыймылынын төрайымы Роза Отунбаева да белгилей өттү.

- Бийлик жөнөкөй, столдон туруп алып эле кетип калбайт экен. Азыркы Бишкектеги башаламандык бизди, кыргыз элин кандайдыр бир деңгээлде жаман көрсөтүп атат. Революция бүттү, өттү. Эми биз болсо турмушубузду, жаңы турмушубузду башташыбыз керек.

Кыргызстан элдик кыймылынын штаб жетекчиси Үсөн Сыдыковдун ырасташынча, учурда түзүлүп аткан кырдаал бийлигинен айрылгандардын акыркы айла-амалы.

- Кечээ күнү болгон нерселер. Мен ойлоймун, мага чейин сүйлөгөн кишилер туура айтышты. Мамлекетибизге карасанатайлык же болбосо менден кийин «кана эми элди башкарып алгыла» деген максат менен жасалган иш.

Жаштардын «Келкел» уюмунун координатору Алишер Мамасалиев ушу тапта жаштардын атайын топторду түзүп ууру-кескилер келиши мүмкүн делген жайларды көзөмөлгө ала баштагандыгын айтты.

- Дүкөндөр жана башка ири соода жайларын тоногонго келиши мүмкүн деген жерлерге жаштардын тобун жөнөтүүгө өттүк.

Бишкек күтүлгөн-күтүлбөгөн ыңкылаптан кийин бир сутке бою ишин таштап кетишкен тартип коргоо орган кызматкерлеринин көзөмөлү жок ээн-эркин жашады.

XS
SM
MD
LG