Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:59

Жетекчилер иштен бошотулду


БИШКЕК. Президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиевдин бир нече буйругу менен мамлекеттик катчылыктан Осмонакун Ибраимов, президенттик администрация жетекчилигинен Тойчубек Касымов, биринчи вице-премьер министрлик жана транспорт министрлигинен Кубанычбек Жумалиев, Ички иштер министринин милдетин аткаруудан Кеңешбек Дүйшөбаев, Тышкы иштер министрлигинен Аскар Айтматов, Каржы министрлигинен Болот Абилдаев, Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинен Темирбек Акматалиев бошотулушту. Андан тышкары Чүй облусунун губернатолугунан Азамат Кангелдиев, Жалалабат облус губернаторлугунан Жусупбек Шарипов, Ош облусунун губернатолугунан Кубанычбек Жолдошев жана Башкы прокурордун милдетин аткаруудан Мурат Суталинов бошотулушту.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG