Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:56

ТАЛАСТА БИРИНЧИ ЭЛДИК КУРУЛТАЙ ӨТТҮ


Машакбай Рахманкулов, Талас Бул курултай кечээ ушул эле Талас шаарында Равшан Жээнбековду коргоо комитети уюштурган Элдик курултайга атаандаш мүнөздө өткөрүлдү жана анын өтүшү мыйзамсыз деген тыянак айтылды. Ушундай эле тыянакты курултай башталаар алдында чукул чакырылган облустук Кеңештин сессия да чыгарды.

Курултай азыркы губернатор Искендер Айдаралиевди жана райондордун акимдерин өз орундарында калтыруу маанайында өттү. Курултайда сөз сүйлөгөн кыргыз эл депутаты Болот Шерниязов Аскар Акаевдин жубайы Майрам Акаевага, анын жакындарына кең пейилдик кылууну суранды:

- Мен суранам элимен бир да жаман сөз Майрам Дүйшеновнанын, анын тууган туушкандарынын артынан болбосун. Айкөлдүк, кечиримдүүлүк кылалы. Антпесек кандай эл-журт болобуз. Мен силерден ушуну суранып кетем.

Болот Шерниязов андан аркы сөзүндө облус губернаторун өз ордунда калтыруу тууралуу минтип айтты:

- Мени депутат катары колдоп берсеңер, Искен Рысбековичти суранып губернатор катары калтырып коелу.

Ал эми укук коргоо органдары карапайым калкын кыйнап келгендигин токтотууну Эл депутаты минтип суранды:

- Элди сыздатсаңар мени сыздатканыңар. Бирок мен силер менен күрөшө алам, көрдүңөр. Элдин канын ичкениңер, бул депутат Шерниязовдун канын ичкениңер. Мен силер менен кармаша алам.

Депутат Өмүрбек Бабанов оппозициялык лидерлер менен президент Аскар Акаев сүйлөшүүгө баруусун көндүрүү үчүн, анын кызы Бермет Акаева аркылуу сөз айттыргандыгын эскерди:

- Берметти башка бөлмөгө киргизип алып айттым, президент Аскар Акаевич столго отуруп оппозиция менен сүйлөшүп, үнүн угуш керек деп.

Манас районунан келген имам Миржалал Дадабаев Аскар Акаевдин кыргыз элине сиңирген эмгегин эске алып, кемчиликтерине кечиримдүү болууну суранды:

- Эгерде Аскар Акаевич он беш жыл бизге падыша болуп берген болсо, ал кишинин кемчилиги болгон күндө да кыргыз эли үчүн кылган эмгеги көп болгон. Аны биз унутпайлы урматтуу эл.

Курултайдын аягында губернатор Искендер Айдаралиев сөз сүйлөп, бийлик адамдары дайыма эл менен болушу керектигин минтип айтты:

- Бийлик элдики деп айтып келе жатабыз. Мен он эки күн мурун да ушул сөзүмдү айткамын. Бийлик, губернатор дайыма эл менен. Элден эч качан качып кетпеши керек.

Депутат Болот Шерниязов курултайды жыйынтыктап жатып, губернаторду эмне үчүн колдоп жаткандыгын түшүндүрүп өттү:

- Мен Искендер Айдаралиевден кечирим суранам. Кандай кыйынчылыктар болду, кандай ачуу сөздөрдү укту, муштум тийди, барымтада отурду. Бирок Талас элин таштап кетпегендиги үчүн мен Искендер Рысбековичти колдоого уюштурдум - деди Болот Шерниязов.
XS
SM
MD
LG