Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:06

КЫРДААЛ ДАГЫЛЕ КУРЧ БОЙДОН КАЛУУДА


: Кыргызстанда бийлик алмашылгандан кийинки саясий кырдаал дагыле курч бойдон калууда. Аркыл миш-миштердин күнү тууп, башкалаа күндүзү тынчыраак, түнкүсүн талоончулардын талап-тоноосуна кабылып, ыңкылап маанайы чоң сыноого түшүп турган чагы.

Парламент ичинде мурда-кийин шайланган депутаттардын кызуу талаш-тартышы өкмөт түзүмүн аныктоо, бийлик ыраатын мындан ары улантуу маселесинин тегерегинде жүрүүдө. Ошондой эле кызуу жыйындар «Алатоо» аянтында да байма-бай өтүүдө. Бүгүн да башкалаанын кең аянтында 700 чамалуу кишилер чогулуп кезектеги жыйынды баштап ийишти. Алардын айрымдары апыл-тапыл жаңы өкмөт түзүүгө киришүүдөн мурда калыс парламент шайлоону өткөрүү керек экендигин айтып чыгышты.

Бирок да, аянтка чогулгандардын көбү бул пикирди колдошкон жок. Алардын ырасташынча, ушу азыр чоң аянтта талаш-тартышты өөрчүтпөй, өлкө тынчтыгын сактоо, тартип орнотуу зарыл.

Ушул эле күнү күч кызматтарынын координатору Феликс Кулов улуттук телекөрсөтүү аркылуу жагдай кыйла турукташа баштагандыгын, 24-мартта Кыргызстанда эмне болуп өткөнүн так аныктоочу мамалекеттик комиссия түзүлө баштаганын билдирди:


- Азыр ушундай чечим даярдалып жатат. Ага ылайык көз карандысыз адамдардан куралган мамлекеттик комиссия түзүлөт. Комиссия Кыргызстанда эмне болуп өткөнүн элге маалым кылат. Менин оюмча, бул иш мыйзам негизинде болушу керек. Кимдир бирөөлөрдү айыптоо, күнөөнү жок жерден жүктөө, кек алуу, жок жерден басмырлоо аракети болбош керек.

Ушул эле күнү Кемин өрөөнүнүн жашоочулары кызматынан четтетилген президент А.Акаевди колдоп жыйын өткөрүшүп, андан соң Бишкекти карай жөө жүрүш уюштурушканы маалымдалууда. Парламент мүчөлөрү Бишкекке коменданттык саат киргизиш-киргизбеш маселесин азырынча так чече элек. Бишкекте күндүзү жыйын, түнкүсүн дүкөндөрдү талап-тоноо аракети токтолбой турат.

XS
SM
MD
LG