Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:19

Бакиевге Путин телефон чалды


БИШКЕК. Кыргызстандын Убактылуу өкмөтүнүн башчысы Курманбек Бакиев президент Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн 26-мартта парламентте билдирди. Сүйлөшүүдө орус президенти өлкөдөгү абалга кызыгып, кандай жардам керектигин сураган. Бакиев жазгы талаа жумуштарын өткөрүү үчүн күйүүчү, үрөн жана жер семирткичтер тарабынан жардам керек, деп билдирген. Президенттин милдетин аткаруучунун айтымында, аны биринчи болуп АКШнын элчиси Стивен Янг өз мамлекетинин атынан куттуктады. Украина жана Грузия жетекчилиги тарабынан да ага жылуу сөздөр айтылды. Бүгүн Казакстан жана Өзбекстан президенттери менен телефон аркылуу сүйлөшүүгө ниеттенүүдөмүн, деди Курманбек Бакиев.

XS
SM
MD
LG