Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:32

Президенттик шайлоо белгиленди


БИШКЕК. Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүүнү Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйыны 26-июнга белгиледи. Мындай чечимди палата 26-мартта түштөн кийин кабыл алды. Палатанын төрагасы Муратбек Мукашевдин билдирүүсүнө караганда, мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо белгиленгенге байланыштуу Эл өкүлдөр жыйыны өз ишин 26-июнга чейин улантат. Муну менен жаңы шайланган Жогорку Кеңештин тагдыры эмне болору белгисиз болуп калды. Бирок Конституциялык соттун судьясы Марат Кайыпов Жогорку Сот тарабынан жаңы шайланган депутаттардын катталуусу жокко чыгарылгандан кийин алардын статусу да токтотулду, деп билдирген маалымат каражаттарына.

XS
SM
MD
LG