Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:34

ТАЙВАНДЫКТАР БЭЭЖИНДИН АСКЕРИЙ ПЛАНДАРЫНА КАРШЫЛЫГЫН БИЛДИРИП, КӨЧӨГӨ ЧЫКТЫ


26-мартта Тайвандын баш калаасы Тайпейде массалык митинг болду. Миңдеген демонстранттар “Согушка – жок!” деген ураандарды кыйкырып өкмөт үйүнө карай жөө жүрүш жасашты. Тайвандыктар бул акциясы менен эларалык коомчулуктун көңүлүн Бээжиндин жаңы мыйзамына бурдурууну көздөшөт.

Аралдын булуң-бурчунан чогулган эл Кытайдын парламенти айдын башында жактырган мыйзамга каршылыгын билдирип чыгышты. Мыйзамга ылайык, Тайвань эгемендүүлүгүн жарыялоого кадам жасаса, Бээжин ага каршы куралдуу күч колдоно алат.

Демонстранттар шаардын жака белиндеги 10 жерде чогулуп, президенттин кеңсесине карай агылышты. Акциянын уюштуруучулары, 10 колонна мыйзамдын 10 беренесин билдирет дешет.
Мамлекет башчы Чен Шуи-бьян эл мене кошо патриоттук ырларды ырдап, демонстранттардын алдыңкы катарында болду. Анын бийликтеги демократиялык прогрессивдүү партиясы ишемби күнкү акциясы менен дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн Бээжиндин пландарына бурдурат деп үмүттөнүшөт. Президент жакында Тайвандын тагдырын Кытайдын миң кишиден турган парламенти эмес, аралдын эли чечүүгө тийиш деп айткан эле.

Демонстрациянын уюштуруучулары Бээжиндин аскерий сес көрсөтүүсүнө каршы багытталган акцияга 1 миллионго жакын киши катышты.
Тайпейдин полициясы болсо демонстрацияга 240 миңдей адам келди деп ырастады. Митингчилер Кытайдын желегин өрттөп салышты.

Тайвань Кытайдан 1949-жылы жарандык согуштун натыйжасында бөлүнүп кеткен. Арал өзүн өзү башкарып, иш жүзүндө көз карандысыз. Бирок Бээжин аны Кытайдын бир бөлүгү деп санап, Тайпей тынч биригүүгө көнбөсө, күч колдонобуз деп опузалап келатат. Жаңы жобо болсо Тайванга каршы чабуул коюууга мыйзам түрүндө уруксат берүүдө.

Кытайдын депутаттары сөз болуп жаткан мыйзамды жактыраардын алдында Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс америкалык телеканалдарынын бирине интервью берип, мыйзамдын кабыл алынышы дестабилизацияга алып келет деп эскерткен эле.

Ушу тапта Евробиримдик Бээжинге каршы киргизилген курал эмбаргосун алып салууну караштырып жатат. Франция жана Германия чектөөнүн алынып салышын жактаса, АКШ мындай пландарга макул эместигин билдирип келатат.

XS
SM
MD
LG