Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:57

К. Бакиев: А. Акаевдин Кайрылуусу деп айтуу кыйын


БИШКЕК. 25-мартта бир катар интернет-баракчаларда таратылган Кыргызстандын кызматынан четтетилген президенти Аскар Акаевдин элге кайрылуусу деп таратылган билдирүү Акаев тарабынан жолдолду деп так айтуу кыйын. Ал башка бирөөлөр тарабынан жазылып, интернет-баракчаларга таратылышы да ыктымал. Мындай пикирин президенттин жана премьер-министрдин милдеттерин аткаруучу Курманбек Бакиев 26-мартта журналисттерге билдирди. Жума күнү «Кабар» жана башка маалымат агенттиктерде Аскар Акаевдин кайрылуусу деп жарыяланган билдирүүдө Кыргызстанда Конституцияга карама-каршы жасалган мамлекеттик төңкөрүш болгондугу жөнүндө айтылып, бийликти козголоңчулар ээлеп алды деп айтылган. Анда ошондой эле Аскар Акаевдин өлкөдөн тыш жерде болушу убактылуу экендигин жана мыйзамдуу түрдө шайланган президент катары, Кыргызстандагы бардык саясий окуялар жөнүндө кабардар экендигин да белгилеген. Кайрылуу ким тарабынан таратылгандыгы жөнүндө азырынча белгисиз.

XS
SM
MD
LG