Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:49

Бишкекте атуулдардын нааразылык акциясы болду


Бишкек. 26-мартта Бишкекте өкмөт үйүнүн алдына 1000ге жакын адам нааразылык акциясына чыкты. Алар өлкөдө жаңыдан шайланган парламент легитимдүү эмес деп таанылсын, Конституциялык соттун төрайымы Чолпон Баекова, Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Сулайман Иманбаев ээлеген кызматтарынан четтетилсин деген талап менен турушту. Түштөн киийн саат 3кө жакын алар парламенттин алдына барышты. Парламенттин айрым депутаттары, алардын ичинде Өмүрбек Текебаев, Жаныш Рустенбеков, Николай Байло пикетчилерге чыгып, алардан тынчтанууну суранышты. Пикетчилердин алдына өлкөнүн президентинин жана премьер-министринин милдеттерин аткаруучу Курманбек Бакиев чыгып, кайсы парламент иштейт деген маселени чечүү үчүн ага эки жума берүүнү өтүндү.

XS
SM
MD
LG