Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:26

26-июнда президенттик эрте шайлоо өткөрүлөт


Бүбүкан Досалиева, Бишкек. Бүгүн (26-мартта) Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйыны президенттик шайлоону ушул жылдын 26-июнунда өткөрүү чечимин кабыл алды. Андан тышкары эки палаталуу парламент да 26-июнга чейин иштей турган болду. Палатанын мындай чечимине "жаңы шайланды" делген, бирок болочогу бүдөмүк парламенттин айрым мүчөлөрү макул эмес.

Президенттик шайлоону 26-июнда өткөрүү чечимин Эл өкүлдөр жыйынынын 33 депутаты колдоп добуш берди.

Ушул күнү палатанын төрагасы болуп калган саясатчы Муратбек Мукашевдин айтымында, ага Конституциянын 52-беренесинин мурдагы президент ишин токтоткондон кийин 3 айдын ичинде жаңы президенттик шайлоо өткөрүлөт деген жобосу жол берет:

- Курманбек Бакиев президенттин милдетин аткарууга 25-мартта киришти. Ушундан улам президенттик шайлоону өткөрүү күнү деп 26-июнду белгилесек болот.-

Мындан кийин палата президенттин милдетин аткаруучу Конституциянын талабына ылайык парламентти тарата албайт жана референдумду өткөрө албайт деп Жогорку Кеңештин эки палаталуу парламентинин иштөө мөөнөтүн 26-июнга чейин узартуу чечимине келди.

Юстиция министринин милдетин аткаруучу Эркинбек Мамыровдун айтымында:

- Президенттин милдетин аткаруучу боюнча Конституцияда үч жобо бар. Алардын бири - "анын парламентти таратууга укугу жок" деген жобо. Азыр парламент иштеп жаткандан кийин шайлоону өткөрүүгө чейин президенттин милдетин аткаруучу парламентти мөөнөтүнөн мурда таратууга Конституция жол бербейт болуш керек.

Эркин Мамыров айткан түшүндүрмө баарын эле ынандыра бербеген менен Эл өкүлдөр жыйыны "Жогорку Кеңештин эки палатасы тең 26-июнга чейин иштейт" деген чечимге келди.

Эл өкүлдөр жыйынынын мындай чечими жаңы шайланган парламентарийлердин бир даарынын нааразылыгын жаратты. Алардын бири Камчыбек Ташиев:

- Бул чечим Конституцияга карама-каршы келет. Себеби, ал жерде эч ким добуш берген жок. Бул жерде 1-2 адамдын же бир топтун каалоосу канааттандырылды, демек эч бир мыйзамдын алкагына сыйбайт. Экинчиден, жаңы шайланган депутаттар чыр-чатак, талаш болгон округдарда кайра шайлоо болсун же Жогорку Сот же башка сот талашты чечип берсин деп макул болуп жатабыз. Биздин эсебибиз боюнча андай округдардын саны 14-15 болот. Ал эми эл тарабынан шайланып, алардын өкүлү катары бул жерге жиберилген адамдар эмне үчүн иштей албай карап турушубуз керек? Кечээ эле биз менен кошо шайлоого катышып, элдин ишенимине ээ боло албай калган мурдагы депутаттар эми үч ай болсо дагы иштейбиз деп жатышат. Бул Кыргызстандагы Конституцияга каршы аракеттердин дагы бир кадамы.

25-мартта мөөнөтү аяктап бараткан Жогорку Кеңештин эки палатасы, Конституциялык Сот, Жогорку Сот жана президенттин милдетин аткаруучу ортосунда меморандум түзүлгөн. Ага Эл өкүлдөр жыйынынан спикердин орун басары Сооронбай Жээнбеков, Конституциялык Соттун төрайымы Чолпон Баекова, Жогорку Соттун төрагасы Курманбек Осмонов жана президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиев кол койгон.

Анда эки палаталуу парламент ишин 15-апрелге чейин уланта алат, жаңы парламенттин чатактуу округдарынан башка округдарынан шайланган депутаттарынын шайланышы мыйзамдуу жана БШКнын курамы иштей берет деп жазылган болчу.

26-мартта эки палатанын депутаттары андай меморандум чогуу добуш берүү менен кабыл алынган эмес деп каршы болушуп, аны кайра артка кайтарып алышты.

Бийлик бутактарынын ортосунда катуу карама-каршылыкты пайда кылган бул меморандумга эмне үчүн кол койгондугун Курманбек Бакиев төмөнкүчө түшүндүрдү:

- Үч күндөн бери мен согуш мезгилиндегидей шартта, суткасына 2 саат гана эс алып иштеп жатам. Ушунчалык чарчап турган мезгилде биздин коллегалар меморандумду сунуш кылып, «бардык тарап менен сүйлөштүк, бардыгы макул болушту, сиздин эле кол коюуңуз калды» дешкенинен кол койгон болчумун. Тилекке каршы, ага каршы депутаттар бар экен. Ошондуктан, мен эки палаталуу Жогорку Кеңеш өзүнүн ишин уланта бериш керек деген ойдомун. Ал эми жаңы шайланган парламенттин талаш-тартыш болгон округдары боюнча маселени Борбордук Шайлоо комиссиясы кайра карагандан кийин алардын тагдыры да мыйзам чегинде чечилиши керек.

Жаңы парламенттин чатаксыз шайланып келген депутаттары качан ишке кирээри тууралуу маселе түгүл, жалпы эле бул жаңы курамдын болочокку тагдыры азырынча белгисиз кала берүүдө.

Байкоочулардын баамында, мындай жагдай Кыргызстандагы саясий күчтөрдүн карама-каршылыгын дагы күчөтүшү мүмкүн.

XS
SM
MD
LG