Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:03

Тайванда Кытайдын саясатына каршы массалык демонстрация өттү.


Тайвандын баш калаасы Тайпейде бүгүн жүз миңдеген адамдардын катышуусунда демонстрация өтүп жатат. Анын катышуучулары Кытай жакында кабыл алган мыйзамга каршы экендиктерин айтып, чыгышты. Жакында Кытай парламенти экстремизм боюнча мыйзам кабыл алган эле. Ага ылайык, эгерде Тайвань Кытайдан бөлүнүп, көз-карандысыз мамлекет болуу аракетин көрсө, Кытай ага каршы күч колдоно алаары ырасталган.

Демонстрацияны уюштурган Тайвандагы Демократиялык прогрессивдик партия көчөгө бир миллионго чейин адамды чыгараарын билдирген.
1949-жылдан бери Тайвань Ички жана Тышкы саясаттарында Кытайдан көз-карандысыз болууга аракет жасап келатат. Анткен менен ырасмий Бейжин аралды Кытайдын бир бөлүгү деп эсептейт.

XS
SM
MD
LG