Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:19

Беларуста президенттин кызматтан кетишин талап кылып, көчөгө чыккандар камакка алынышат.


Беларусь Республикасынын баш калаасы Минск шаарында жума күнү болгон митингдин 100дөй катышуучусу камалганы белгилүү болду. Соңку кабарларга караганда, укук коргоо органдары кармалгандарга каршы кылмыш ишин да козгошуптур.
Беларус укук коргоо органдарынын өкүлү Борис Хлебченконун айтымында, “тынчтыкты бузган бул адамдарды үч жылдан түрмөгө кескенге да болот”.
Кечээ 3 миңден ашуун адам Минсктеги борбордук аянтка топтолуп, президент Александр Лукашенконун кызматтан кетишин жана саясий туткундагыларды тезинен бошотууну талап кылган эле. Бул акцияга ишкерлер да катышканы айтылды. Алар жакындан баштап Орусиядан импорттолгон товарларга жогорулатылган салыктын көлөмүнө каршы экендиктерин билдирип жатышты

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG