Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:50

Кыргызстанда президенттик шайлоо ушул жылдын 26-июнунда өтөт.


Бүгүн өлкөнүн парламенти “кызматтан четтетилген президент Аскар Акаевди алмаштыруу үчүн эмки президенттик шайлоону 26-июнда өткөрүү” тууралуу чечим кабыл алды.

- Быйыл 26-июнда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоону өткөрүү тууралуу чечим кабыл алынды, - деди депутат Исхак Масалиев.

Ошондой эле, мурдагы чакырылыштагы эки палаталуу парламенттин иши шайлоого чейин улантылаары ырасталды.
26-июнга белгиленген президенттик шайлоого Кыргыз Республикасынын президентинин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиев да талапкер катарында катышат. Бул тууралуу ал бүгүн билдирди.

- Кыргызстанда 26-июнда өтө турган президенттик шайлоого катышыш керек деп ойлойм. Буюрса, катышабыз..., - деди Кыргызстанда президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиев.

Ал, ошондой эле, орус жетекчилигине оор абалда жардам колун сунганы үчүн ыраазычылык билдирди. “Ал эми кызматтан четтетилген президент Аскар Акаев Кыргызстанга келүүнү кааласа, келе берсе болот. Бул – анын мекени” – деди Бакиев.
Акыркы кабарларда Кыргызстандын баш калаасы Бишкекте бүгүн абал тынчыганы айтылып жатат.
Мындан эки күн мурда Аскар Акаев президенттик кызматтан четтетилгенден кийин өлкөнүн жаңы жетекчилиги абалды стабилдештирүү аракетин көрө баштаган.
Шаарда өткөн түнү укук коргоо органдары көзөмөлдү колго алып, кечээден мурдагы түндөгүдөй талап-тоноого каршы иштешти.
Кыргызстандын мурдагы вице-президенти, ушул жумада абактан бошотулган Феликс Куловдун айтымында, ушул тапта баш калаадагы кырдаал тынчып калды.

- Кырдаал толугу менен укук коргоо органдары тарабынан көзөмөлгө алынды. Эми массалык түрдө тополоң жана тартипсиздик болбойт. Азыр абал баардык эле шаардагылардай. Кылмыштын көлөмү акыркы түнү демейдеги эле статистиканы берди, - деди Феликс Кулов.

Кыргызстандагы окуяларга карата дүйнө элдери өз ойлорун билдиришүүдө. Бүгүн Киевде болгон Грузиянын президенти Михаил Саакашвили бул тууралуу:

- Демократияга зордук-зомбулуктан баш тартуу менен гана жетүүгө болот. Бул – Грузия менен Украинанын сабагы. Биздин оюбузда, ар бир тарап ич-ара сүйлөшүү менен гана иш жүргүзүшү керек. Баардык жерде адамдар демократияны каалашат, ага даяр эмес өлкөлөр жок. Киевде, Тбилисиде, Бишкек менен Минскте да адамдар демократияга даяр. Бирок ага зордук менен жетишүүгө мүмкүн эмес. Акыйкатсыз өткөн шайлоолордон кийин деле тынч процесс келээрин ар бир тарап түшүнүшү керек. Кандай гана өткөөл мезгилдин түрү болбосун, зомбулуктан качып, маселени сүйлөшүүлөр менен гана чечүү зарыл, - деди Грузиянын президенти Михаил Саакашвили.

Ал эми Украинанын премьер-министри Юлия Тимошенко “ыңкылап түшүнүгү” тууралуу мындай оюн айтты.

- Грузия менен Украинанын ыңкылап тажрыйбалары ушул тапта бүтүндөй КМШ өлкөлөрүнө таркап жатат. Сиздердин да, биздин да президенттерибиз бул жакшынакай тажрыйбаны эркиндикте жашоону самаган элдерге таркатышат деп ишенем. Качан болот – бул белгисиз, бирок ал мезгил сөзсүз келет, - деди Украинанын өкмөт башчысы Юлия Тимошенко.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG