Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:58

АКШ: Өмүр жана өлүм үчүн күрөш


АКШнын Флорида штаттык соту Терри Шиво айымга азык берип жаткан түтүк кайра улансын деген өтүнүчтү четке какты. Мээсине катуу доо кетип, тилсиз жаткан аялдын ата-энесинин өкүлү алар эми өлкөнүн Жогорку Сотуна кайрылаарын билдирди. Кесел аялдын ата-энеси 18-мартта түтүк ажыратылгандан мурда кызы жашагысы келгенин айткысы келген деп, түтүктү кайра бириктирүү өтүнгөн болчу. Терринин күйөөсү жети жыл соттошуп жатып, өткөн жумада штаттын соту түтүктү алып салуу жөнүндө өкүм чыгарган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG