Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:03

ЖАҢЫ ШАЙЛАНГАН ПАРЛАМЕНТ ЖЫЙЫН ӨТКӨРҮП ЖАТАТ


Ушул сааттарда жаңы шайланган Жогорку Кеңеш жыйын өткөрүп жатат. Аны Дооронбек Садырбаев менен Алишер Сабиров алып барууда. Жыйынга Кыргызстандын күч органдарынын жетекчиси Феликс Кулов катышууда.

Жаңы шайланган парламенттин жыйынында депутат Азимбек Бекназаров сөз сүйлөп, мурдагы эки палаталуу Жогорку Кеңеш менен кийинки Жогорку Кеңештин баардык депутаттары өздөрүнүн ыйгарым укуктарын токтотуп, мандатын өткөрүп бериши керек деген пикирин айтты. Бекназаровдун ою боюнча азыркыдай кырдаалда баардык бийликти бир кишиге - президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиевге берген оң болот. Анын мындай сунушуна депутаттар катуу каршы чыгышты.

Жыйындагы башкы жаңылык - Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын милдетин аткаруучу Туйгуналы Абдраимов жаңы Жогорку Кеңешти ишке киргизүү тууралуу БШКнын чечимин окуду. Парламент өз ишин улантып жатат.

XS
SM
MD
LG