Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:44

Азербайжандын президенти башкаруучу партиянын төрагалыгына шайланды


Ильхам Алиев башкаруучу "Ени Азербайжан" партиясынын төрагалыгына альтернативасыз шайланды. Партиянын бир миң жети жүздөн ашуун делегаты катышкан курултайда сүйлөгөн сөзүндө ал Тоолуу Карабахтын айланасындагы чатакты саясий жол жана этап-этабы менен чечүү зарылдыгын белгиледи. Ага катар Ильхам Алиев Азербайжан кандай күн менен болсо да өз жерин кайтарып алууга даяр экенин айтты. Ильхам Алиев партиялаштарын ноябрдагы парламенттик шайлоого да даярданууга чакырды. Азыр "Ени Азербайжан" партиясы парламенттеги 124 орундун 78сине ээ.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG