Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:14

КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ЖАГДАЙ ОРУСИЯЛЫК ЭЛИТАНЫН ООЗУНДА


Муса Мураталиев, Москва Орусиялык саясий коомдук элита Кыргызстандагы кырдаалга өз көз караштарын билдиришүүдө. Таанымал саясий анализчи, Карнеги корунун эксперти Алексей Малашенкого айрым суроолор менен кайрылдык.

-Кыргызстандагы ынкылапка орусиялыктар арасында ар кандай ойлор айтылып жатат. Кимдир-бирөөлөр аны саясий төңкөрүш дешсе, кимдир бирөөлөр аны демократиялык ынкылап дешет, а кай бирлери болсо бийликти тартып алуу болду дешет. Сиз бул аныктамалардын кайсынысына кошуласыз?

- Билесизби, ушул эле суроолорду Владимир Познер да бүгүн кечинде эфирге чыкчу көрсөтүүсүнө коюптур. Ал да бул эмне, ынкылаппы же төңкөрүшпү деп сурайт. Бул жерде бул же тигил ой туура деш такыр мүмкүн эмес. Ал аныктамалардын бири дагы коюлган суроого жооп бербейт. Бир жагынан алганда окуянын өнүгүшүндө аракет кылган чакан чөйрө, дегинкиси, кезегинде Акаев менен чогуу иштешкен саясатчылардан турду. Экинчи жагынан алганда, алар атуулдардын колдоосуна ээ болушту. Ошондуктан алардын кеби өтүмдүү болуп, калктын атынан талап кое алышты дешке негиз бар. Ушул себептен улам мен Кыргызстанда жүзөгө ашырылган жердигинде саясий төңкөрүштүн да, ыңкылаптын да жышааны бар саясий окуя деп эсептейм.

Адатта мындай окуя кийин жыдып калса анда аны тарыхта төңкөрүш деп аташат. Эгерде андай окуялар турмушка ашып кетсе анда алар ыңкылап деп аталат. Өзүңүз билесиз, бул жараян азыр акырына чыга элек. Менин оюмча эми кыргыз коомчулугу да, оппозиция да эси-учун жыйып, мындан ары эмне жасашты ойлош керек. Шайлоо өткөнгө чейинки кадамдарда эмнелер жасалат - ошолор абдан маанилүү, абдан олутту учур. Бийликке келген кишилер өлкөдө жагдайды мурдагыдан кыйындатып ийбейби? Мамлекетти кайра курууда алардын алдына койгон күн мурунтан бычылган ой-максаты барбы? Болсо аны калк алдында далилдеш керек. Алардын башына эми мурдагыдай кыялга куру батуу эмес, түбү жүрүп Кыргызстандын тагдырын чечкидей оор, бирок кадыресе жумуш күндөрү түшөт дейм. Менин болжолумда, Кыргызстандын жаңы лидерлеринин колунан, дегинкиси, алар алдын ала үлгүсү бычылган иштин көпчүлүгү жүзөгө ашат

- Бул күндөрү президенттер Виктор Ющенко менен Михаил Саакашвили “Кыргызстанда ыңкылап башталгандан тартып Украина менен Грузия кыргыз эли тарапта болду жана мындан ары да дайыма эл тарапта болот” дешти. Орусиянын президенти Владимир Путин да “Кыргызстандагы жагдайды жумшартышка Орусия кол кабыш кылууга даяр” деди. Ушул ойду чечмелей кетсеңиз.

- Менимче бул жолу, ушул апта ичи, ушул айлар ичи (Кыргызстанда –ММ) бийликке ким келбесин, Орусия буга чейинки ишениминен тайбайт. Азыр бийликке келген саясатчылар эч качан жана кандай гана себеп болбосун Орусия менен тебишишпейт. Айтмакчы, мына жакында Бакиев менен (Кремлдин – ММ) сүйлөшүүсү бул оюмду күбөлөйт. Ушул көз караштан туруп алганда, менимче, Орусиянын мындан аркы мамилеси алды-артын тең калчап, таразага салынган мамиле болушу керек. Чындыгында, Орусияны кыйыр түрүндө болсо да арага түшүп, (эки тарапты – ММ) жараштырууга аралашат дешке болот. Эмне дегенде Путин канчалардын көзүнчө Акаевди кабыл аламын деп жар салды. Менин баамымда, бул абдан жөнү бар кадам болду. Аны Кыргызстан да жакшы кабыл алды. Ошондой эле бул кадамды кийинки эки–үч күн ичинде Москва көрсөткөн саясий даанышмандык болду дешке туура келет деп ойлойм.
XS
SM
MD
LG