Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:11

ТҮРК СТУДЕНТТЕРИ ЖАНА КЫРГЫЗСТАНДАГЫ КЫРДААЛ


Зейнеп Мартбек кызы, Бишкек 27-мартта Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Фатма Серпиль Алпман жана Түркиядан келген атайын топ аталган университеттин студенттери, окутуучулары, Бишкекте билим алып жаткан бардык түрк жаштары менен жолугушуу өткөрдү. Анда учурда өлкөдө түзүлгөн жагдай жана студенттердин ахыбалы талкууга алынды.

Түрк жарандарынын көпчүлүгү аларды Кыргызстандан алып чыгып кетүү талабын коюшту. Көчөгө чыга албай калышкандыктарын, акчаларын банктардан ала албай жаткандыгын айтышып, Түркиянын өкмөтү тез аранын ичинде бир чечимге келүү өтүнүчүн билдиришти:

- Биз Манас университетинин жабылып калуусун каалабайбыз. Университетибиз достуктун жана бир туугандыктын көпүрөсү болгонун абдан жакшы билебиз. Бирок өлкөдөгү кырдаал татыктуу билим алууга бөгөт коюп жатканы бардыгыбызга маалым. Шаардын көчөлөрүндө коопсуздук жок жана мындай абал дагы канча убакытка созулаарын эч ким айта албайт. Өз калкын талап-тоноочулуктан коргой албаган укук коргоо кызматкерлери бизди кантип коргойт? Биздин акыбалыбызды түшүнүп, бир туура чечимге келүүңөрдү өтүнөбүз, - деп студенттердин атынан чыккан Режеп Юрмез сөз сүйлөдү.

Талкуу аябай кызуу өтүп, элчи-айым студенттерди сабырдуулукка чакырды. Кырдаал 1-2 күндүн ичинде оңолот жана кызуу кандуулукка алдырып бул жерден качып кетип, кыргыз боордошторду ушундай кыйын абалда таштап кетүү туура эмес көрүнүш деген оюн билдирди ал:

- Кыргызстанда тарыхый окуялар болуп жатат. Биз ушул окуяларга күбө болуудабыз. Келечеги кандай болоорун билбеген тарыхый доорду башыбыздан өткөрүп жатабыз. Кырдаал бир же эки күндүн ичинде оңолушу мүмкүн. Биз азыр кыргыз өкмөтү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Албетте кыйын болот, материалдык, моралдык кыйынчылыктар болбой койбойт. Бирок биз кетпейбиз. Түрк эли кыргыз эли менен дос жана бир тууган. Биздин кеткенибиз туура эмес.

Элчи Фатма Серпиль Алпмандын мындай сөзүн отургандардын көпчүлүгү кол чаап колдоду.

Түркиядан келген атайын топтун өкүлү Супиль Ахмед тополоң чыгарып, окууну таштай качуу адамга жараша турган сапат эмес экенин айтты:

- Бул жерге силерди эч ким кыйнап кармабайт. Биздин Бишкекке келгенибиздин себеби ушул – түрк жарандарынын ахыбалын билип, колдон келген жардамды берип, коопсуздугун кепилдикке алуу. Байлык, мүлк, дүйнө табылат, эң негизгиси - башыбыз аман болсун. Бирок убакыттан пайдаланып келемиштерге окшоп качкандай болбойлу.

Жыйындын соңунда элчи айым Түркияга кайткысы келген студенттер аты-жөнүн баракка жазып, элчиликке жиберүүсүн суранды. Бардык маселелерди чечүүгө колдон келген күчүн жумшаарын баса белгилеп кетти. Чогулуштан соң айрым студенттерди кепке тартканда, Кыргыз Түрк Манас университетинин Эрдоган аттуу студенти пикирин төмөндөгүчө билдирди:

- Бул жыйында кээ бир маселелерди чечүүгө аракет жасашты. Бирок бир жыйынтыкка келе алышкан жок. Окуу жылынын бүтөөрүнө 2 ай калды. Ошол себептен университеттин жабылышын каалабайт элем. Кыргыз бир туугандары менен мурдагыдай эле биримдикте жана ынтымакта жашасак жакшы болот эле.

Явуз Йылдыз аттуу студент Кыргызстанда калуунун кажети жок экенин айтты:

- Бул жыйынга эч канааттанган жокмун. Себеби жетекчилик менен студенттер бири-бирин түшүнүшө алган жок. Студенттер бул жерде калуу кооптуу экенин далилдеп жатса дагы, билмексен болуп, жакшы жашоо болуп жатат деп бизди алдашууда. Бизди Түркиянын университеттерине которсо жакшы болот эле. Студент катары биз түрктөр менен кыргыздардын мамилесине кандайдыр бир салым кошо алабыз деген ойдон алысмын.

Ошентсе да, Кыргыз-Түрк Манас университетинин мугалимдер тобу Түркияга ушундай кырдаалда кетишпей турганын билдиришти. Түрк тили боюнча мугалим Унал Оздал мындай деген оюн ортого салды.

- Кыргызстанда кырдаал албетте абдан кооптуу. Бирок сөзсүз оңолот. Студенттерибиз дагы абдан коркуп отурушат. Манас университети жабылат деген сөз эч болгон эмес. Себеби бул университет жалгыз гана Түркияга таандык эмес. Бул университет Кыргызстандыкы дагы. Түркиядан келген мугалимдер кандай гана кырдаал болбосун ишин уланта бермекчи. Эртең окуу башталат.

Кошумчалай кетчү нерсе, учурда республика боюнча түркиялык 4 миңден ашуун студент билим алууда.

XS
SM
MD
LG