Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:21

ЖАҢЫ ЖОГОРКУ КЕҢЕШТИН ТӨРАГАСЫ БОЛУП ӨМҮРБЕК ТЕКЕБАЕВ ШАЙЛАНДЫ


Жаңы парламенттин төрагасы болуп 56 добуш менен Өмүрбек Текебаев шайланды. Спикерликке Кубатбек Байболовдун, Жантөрө Сатыбалдиевдин жана Өмүрбек Текебаевдин талапкерлиги сунушталып, Байболов менен Сатыбалдиев өз талапкерлигин Текебаевдин кызыкчылыгы үчүн алып салышты. Андан кийин депутаттар Текебаевге жабык түрдө бюллетень таштап, добуш беришти. Баары болуп шайлоого 63 депутат катышты, алардын 56сы макул, 6 депутат каршы болду, 1 бюллетень жараксыз деп табылды.

Өмүрбек Текебаев "Атамекен" партиясынын лидери. Ал 1990-жылдан бери Жогорку Кеңештин депутаты. Бир катар мыйзамдардын автору, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи.

2000-жылы президенттикке талапкерлигин койгон.

Акыркы жылдарда Курманбек Бакиевге саясий оппонент болуп келген.

XS
SM
MD
LG