Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:08

28-мартта Кыргызстандын жаңы парламентинин төрагалыгына Өмүрбек Текебаев шайланды. Ал шайлангандан кийин жаңы парламенттин мыйзамдуу күчкө ээ экендигин, премьер-министрдин милдетин аткаруучунун дайындалгандыгын моюнга алып, мамлекеттеги кырдаалды жөнгө салуу үчүн мамлекеттик комиссия түзүү зарылдыгын билдирди.

Жаңы парламенттин төрагалыгына үч талапкер көрсөтүлдү. Алардын бири Кубатбек Байболов талапкерликтен Кыргызстандын келечеги, ынтымагы үчүн баш тартты. Ал эми Жантөрө Сатыбалдиев Текебаевдин кызыкчылыгы үчүн талапкерлигин алып салаарын жарыя кылды. Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгында жыйынга катышкан 63 депутаттын 56сы Текебаевге добуш берип, алтысы каршы болду. Добуш берүүдөн кийин Өмүрбек Текебаев парламенттин алдыда турган милдеттери тууралуу мындай деди:

-Азыркы абдан татаал кырдаалдан чыгуу үчүн бир катар кадам жасашыбыз керек. Анын биринчиси, азыр түзүлгөн кырдаалды моюнга алышыбыз керек. Эгер аны моюнга албай койсок ал акылсыздык болот. Бирок ошол эле кезде ал кырдаалды Конституциялык нукка, мыйзамдардын нугуна бурууга аракет кылышыбыз керек.

Өмүрбек Текебаев андан ары сөзүн минтип улантты:

- Биз бүгүнкү күндө премьер-министрдин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиевдин статусун моюнга алабыз. Экинчиден, бүткүл коомчулук, анын ичинде бийлик жаңы шайланган Жогорку Кеңештин легитимдүүлүгүн моюнга алышы керек. Бул азыркы кырдаалдан чыгуунун кепилдиги болот жана өлкөдөгү абалды турукташтырууга өбөлгө түзөт. Биз бир аз тыныгуудан кийин негизги ишибизди баштайбыз. Ошондо эң биринчи милдетибиздин бири - атайын мамлекеттик комиссия түзүү болот. Ал мамлекеттик комиссияга ар кандай саясий көз караштагы кадыр-барктуу депутаттар, өкмөттүн, президенттик администрациянын өкүлдөрү мүчө болуш керек. Анын милдети Кыргызстанды бүгүнкү татаал кырдаалдан чыгаруу. Эң негизгиси - бийликти мыйзамдуу түрдө өткөрүп берүүнү камсыз кылуу. Менин түшүнүгүм боюнча комиссия азыр президент боюнча калып жаткан Аскар Акаев менен байланышка чыгып, шарттарын сүйлөшүшү керек. Эмнеси болсо да өнүгүп жаткан процесстерди мыйзам нугуна бурганга жетишибиз керек.

Парламенттин төрагасын шайлоо мурда коомдо айтылып жаткандай катуу карама-каршылыктуу талаш жараткан жок. Бирок төрагалыкка көрсөтүлгөн депутат Кубатбек Байболов элдин биримдиги, саясатчылардын ынтымагы үчүн талапкерликтен баш тартты.

Анын айтымында, ага жогорку мамлекеттик бийликти күч менен тартып алуу көрүнүшүнүн азыр өлкөнүн бардык аймагында, бардык деңгээлдеги ишкана, мекемелерде кайталанып, өрчүп бараткандыгы жана өлкө үчүн өтө кооптуу бул процесстин кесепетин толук түшүнүү боло электиги түрткү берди:

-Өлкөдө бийликти күч менен тартып алууга болот экен деген ой жана тажрыйба орун алды. Азыр кичинекей мекемелерден тартып жогорку мамлекеттик кызматтарга чейин тартып алуу башталды. Биздин шайлоо шайлоо эмес. Ал эл үчүн шайлоо сыяктуу көрүнгөн менен ошол эле саясат менен практиканын уландысы. Жогорку Кеңешке жакында өткөн шайлоодон азыркы шайлоонун эч кандай айырмасы жок. Мен жакында берген интервьюларымдын биринде «Акаевдин заманын эстеп ыйлайсыңар» деп айтканым бар. Биз азыр мына ошого чукулдап калдык. Азыркы жүргүзүлүп жаткан саясат өзүнүн чегине жетип, логикасына жетсин деп атайын алып койдум.

Ошентип көптөн бери иштээр-иштебеси бүдөмүк болуп жаткан жаңы парламент төрагалуу болуп ишке киришти. Түштөн кийин депутаттар төраганын орун басарларын шайлоо, палатанын түзүмүн тактоо жана комитеттер менен фракцияларды түзүү маселесин карай баштады.

Бирок бул күнү 26-июнга чейин иштөөгө мыйзамдуу деп жарыялашкан мурдагы эки палаталуу парламенттин Эл өкүлдөр жыйыны кадимкидей иштеп, түшкө чейин парламенттин мыйзамдуулугун териштирди. Ал эми Мыйзам чыгаруу жыйыны ишин убактылуу токтотту. Анын себебин палатанын төрагасы Ишенбай Кадырбеков төмөнкүчө түшүндүрдү:

- Биздин палатанын иштөө укугу да 26-июнга чейин кала берет. Бирок биз мыйзам кабыл алсак, жаңы шайланган парламент да мыйзам кабыл ала турган болсо башаламандык күч алат. Ошондуктан бул жерде бирөө жол бериш керек эле. Мисалы, Мыйзам чыгаруу жыйыны Кыргызстандын кызыкчылыгы үчүн биринчилерден болуп жол бердик.

Жаңы шайланган парламентти таануу жана анын төрагасын шайлоо менен сыртынан караганда Кыргызстандагы саясий кризис басаңдаган түр жаратты. Бирок ага макул болбогон 200гө чукул шайлоочу түштөн кийин каз-катар тизилип, парламенттин имаратына эч кимди киргизбей турушту. Алар мындай аракет менен жаңы парламенттин иштешине каршылык билдиришти.

Алардын бири - Бишкектин тургуну Марат Сариевдин айтымында, шайлоочулардын добушун сатып алуу жана бийликтин басымы менен шайланып келген депутаттардын иштөөсүнө жол берүүгө болбойт:

- Көтөрүлүш эмнеден келип чыкты? Бул жаңы парламенттин депутаттары мыйзам чегинде шайланышкан эмес. Ошон үчүн эл көтөрүлүп чыккан. Эми жаңы бийлик да жаңы парламентти таанып, ишин баштады. Ошон үчүн эл буга каршы. Элдин бир гана талабы бар. Ал - жаңы парламент кетсин!
XS
SM
MD
LG