Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:28

«МОЮНТУРУКТУ» ЫРГЫТАР КЕЗ КЕЛДИ


28-мартта Бишкекте журналисттер ассоциациясынын «тегерек үстөл» жыйыны өтүп, анда өкмөттүк маалымдоо каражаттарын аткаруу бийлигинин ээлигинен ажыратуу маселеси талкууланды. Чогулгандар Улуттук телерадиокорпорацияны коомдук телекөрсөтүүгө айлантуу, өкмөт менен жергиликтүү бийликтердин кол алдындагы маалымдоо каражаттарына эркиндик берүү талабын койгон кайрылуу кабыл алышты.

«Журналист» коомдук бирикмесинин жетекчиси Кубан Мамбеталиев маалымдоо каражаттары бийлик ээлеринин көзүн караган күнкорсуз абалдан чыгып, өз алдынчалыкка жетиши абзел экендигин Кыргызстан эгемендик алгандан бери такай айтып келатканын билдирди. Анын ырасташынча, өкмөт маалымдоо каражатынын уюштуруучусу болбошу керек.

Өкмөт өзүнүн ырасмий кабарларын чыгарган басылманы каржылап, улуттук телекөрсөтүүгө ээ болбой, «Кыргыз туусу», «Слово Кыргызстана», «Эркинтоо» гезиттерине ээлик кылбашы зарыл. Улуттук телекөрсөтүү коомдук телекөрсөтүүгө айланып, аны башкаруу милдети парламент тарабынан бекитилген коомдук кеңешке жүктөлөт. Жергиликтүү бийликтин, облус, район жетекчилерине көз каранды маалымдоо каражаттары да бийлик кысымынан чыгышы зарыл. Боштондук алган өкмөттүк гезиттер өз алдынча иштеп, акционердик коом болуп түзүлөт.

Кубан Мамбеталиев демилгенин маани-жайын мындайча чечмеледи:

- Коомдук телекөрсөтүү кылыш керек деп сунуш кылганбыз. Эгерде азыр К.Бакиев мамлекет жетекчиси катары улуттук телекөрсөтүүнүн жетекчисин өзүнүн буйругу менен дайындаса, демек ошол адам К.Бакиевге кызмат кылат, К.Бакиевдин сөзүн сүйлөйт. К.Бакиевге каршы сөз сүйлөбөйт, каршы сөз сүйлөгөндөрдү көрсөтпөйт. Анда эмнеге биз өзгөрдүк? Биз баары бир ушул принциптерди козгой беребиз, мамлекеттик гезиттерди «моюнтуруктан» бошотушубуз керек.

Жергиликтүү телеберүүлөр ассоциациясынын президенти Калыбек Жакыпбеков буларга кошуп радиожыштыктарды бөлүштүрүүнү аукционго коюу туура эместигин, аны коомдук конкурстук комиссиянын негизинде чечүү зарыл экендигин кошумчалады:

- Тез аранын ичинде радиожыштыктарга конкурс жөнүндө жобону жумушчу топ иштеп чыгышы керек. Ага Медиа-ассоциациянын, бейөкмөт уюмдардын, коомчулуктун жана байланыш боюнча мамлекеттик комиссиянын кызматынын өкүлдөрү киришсин. Коомдук конкурстук комиссия түзүлүп, ал конкурстук негизде радиожыштыктарды бөлүштүрүү жөнүндө чечимди кабыл алуусу зарыл.

Жыйын катышуучуларынын айтымында, эркин маалымдоо каражаты ишкердиктин ийкемдүү түрү. «Кыргызконцепт» компаниясынын президенти Эмил Үмөталиев буга жетиш үчүн эки принципти ишке ашыруу керек дейт:

- Биринчи принцип, жеке жана өз алдынча массалык маалымдоо каражаттарынын өнүгүшүнө шарт түзгөн мыйзамдарды иштеп чыгуу керек. Мамлекет өз таасирин көрсөтө алчу жерде болушунча эркиндик бериши зарыл, мисалы, радиожыштык бөлүү. Экинчи принцип, мамлекеттин маалымдоо каражаттарынын ээ болуусун болушунча азайтуу, абыдан чектөө.

Кубан Мамбеталиев парламент менен өкмөт башчыга жолдончу кайрылуу бийлик ээлери тарабынан колдоо таппаса журналисттер баштагыдай эле өкмөттүк жана өз алдынча болуп бөлүнүп, ортодо түгөнбөгөн талаш жүрө берет деген пикирде:

- Анда журналисттер жамааты дагы экиге бөлүнөт. Ошо бийликтин кызматына өтүп кеткен журналисттер менен ага өтпөй койгон журналисттердин ортосундагы маалымат салгылашы улана берет. Ошол эле.
XS
SM
MD
LG