Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:17

МАЙКЛ ЖЭКСОН ӨЗҮН АКТАП СҮЙЛӨДҮ


Атактуу поп жылдызы Майкл Жэксон америкалык радиодон чыгып сүйлөп, өзүнө коюлган "жаш балага сексуалдык зордук көрсөткөн" деген айыптоону "жалган жалаа" деп мүнөздөдү. Соттор 28-мартта прокурорлордун мындан он жыл мурда Жэксонго каршы берилген көрсөтмөлөрдү карай тургандыгын чечиши керек. Ырчы өзүн каралоонун, жалаа жабуунун курмандыгы деп эсептейт.

Майкл Жэксон таланттуу шайыр экендигинде шек жок. Ал айрыкча 80-жылдары атагы чыгып, "Триллер" деген музыкалык видеосу менен эларалык поп-жылдызга айланган эле.

Жэксон бүгүн да сот ишине карабастан популярдуу сахна жылдызы бойдон кала берүүдө. Иш жүзүндө ал дал ушул кырдаалды өзүнүн коргонуу тактикасынын өзөгүнө айландырды. Ал "менин байлыгыма көз арткандар мага асылып жатышат" деп ырастоодо.

Өткөн жекшембиде Жэксон Чикагодон обого чыккан радио программада өз колдоочуларына «Мени колдоп, үмүт артканыңарга ыраазымын, чыдагыла, мага ишенгиле, анткени менин кылдай да күнөөм жок. Мен азыр сүйлөп жатканда аркаман аңдып, сары изиме чөп салгандар былык ишин улантып жатышат», - деди.

Сот иши Жэксон 2003-жылы Калифорниядагы үйүндө 13 жаштагы балага арак берип, сексуалдык ыдык көрсөткөн деген айыптоого негизделген. Жэксондун атагынан улам соттор аны күнөөлөгөн чечим чыгара албай, ыргылжың болуп турганда, прокурорлор айыптоосун күч алдыруу далалатында ага мындан бир канча жыл мурда коюлган кинелерди казып чыгууну чечишти.

Алар Калифорниянын сотуна поп-жылдызына коюлган мурдагы сексуалдык айыптоолор боюнча билдирүү жасоого уруксат сурап кайрылышты. Прокурорлор айрыкча 1990-жылдары Жэксондун үй-бүлөсү миллиондогон доллар төлөп, арызын кайра алдырткан жаш жигиттин кайра көрсөтмө беришин талап кылышууда.

Кээ бир мыйзам таануучулар мындай кадам соттордун Жэксонго карата мамилесин тескери буруп, анын тагдырын чечип коюшу мүмкүн экендигин айтышууда. Жэксондун адвокаттары да мурдагы айыптоолорду кайра көтөрүү сотторду Жэксонго каршы коет деп тынчсызданып жатышат.
XS
SM
MD
LG