Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:53

Темирбек Акматалиев президенттикке талапкерлигин коёрун билдирди


БИШКЕК. Чүй облусунда «Акыйкат» аттуу саясий кыймыл түзүлүп, жетекчилигине экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин мурдагы жетекичиси Темирбек Акматалиев шайланды. Акматалиевдин айтымында, кыймылды түзүү жыйыны Кемин шаарында 26-мартта өтүп, ага 4 миңге жакын киши катышты. Кыймыл азыркы өкмөттөн кеминдиктерди кемсинтүүнү токтотууну, парламент түзгөнү жаткан мамлекеттик комиссияга кыймылдан да өкүл киргизүүнү, таланып-тонолгондордун чыгымын төлөп берүүнү талап кылышты.

Ал эми премьер-министрдин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиев ушул эле күнү парламентте талап-тоноого кабылган майда ишкерлерге колдоо көрсөтүүнү убада кылды.

Темирбек Акматалиев ушул эле күнү президенттик шайлоого барарын билдирди. Буга чейин президенттик шайлоого бара тургандыгын убактылуу өкмөттүн башчысы Курманбек Бакиев билдирген. Ал эми Феликс Куловдун билдиргенине караганда, ал президенттикке барар-барбасын кийинчерээк чечмекчи.

XS
SM
MD
LG