Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:26

КТРди коомдук телекөрсөтүүгө айлантуу демилгеси көтөрүлдү


БИШКЕК. Кыргызстанда маалымат каражаттары жана журналисттер менен иш алып барган көз карандысыз уюмдар парламентке жана өкмөткө кайрылуу жолдошту. Бул кайрылууда басма сөз эркиндигине байланыштуу төрт маселе күн тартибине коюлду. Алардын катарында жергиликтүү жана республикалык деңгээлдеги бардык маалымат каражаттарын эркин аракеттенүүгө жол берүү, өкмөттүн маалымат каражаттарын өз карамагында кармабоо, Кыргыз улуттук телеберүүнү коомдук телеберүү катары кайрадан уюштуруп, аны 15 кишиден турган коомдук кеңештин башкаруусуна берүү жана кеңешти бекитүү укугун парламентке берүү. Кайрылууда белгиленгенге караганда мындай кадам Кыргызстандагы басма сөз эркиндигин камсыздайт жана теңата атаандаш өнүгүүгө жол ачат. Ушул эле кайрылууда журналисттик уюмдар жаңы парламенттин легитимдүүлүгүн тааный тургандыгын жарыялады.

XS
SM
MD
LG