Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:49

Ишенбай Кадырбеков үчүнчү күч барына ишенет


БИШКЕК. Кыргызстандагы кырдаалдын курчушуна үчүнчү күч таасир этип жаткандыгы шексиз. Буга байланышкан пикирин бүгүн ишин убактылуу токтоткон Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Ишенбай Кадырбеков билдирди. Анын айтымында, алар Кыргызстандын түштүк жана түндүк аймагын каршылаштыруу максатында атайын жалган ушактарды таратып, митингдерди уюштуруп, координациялык борбордун атынан келип, ишканаларды колго алып жатышат. Мунун башкы максаты мурдагы президентти кайтарып келүү, учурдагы бийликти каралоо болууда. Ишенбай Кадырбеков үчүнчү күчтүү коркунучтуу күч катары атады.

Кызматтан четтетилген президент Аскар Акаевдин кыргызстандыктарга кайрылуусу ушул эле күнү электрондук почта аркылуу кайрадан таратылды. Экинчи ирет таратылган кайрылууда Акаев өзүн чыныгы демократ катары белгилеп, мурдагы бийлик өкүлдөрүн куугунтуктоону токтотууну азыркы бийликтен талап кылган. Бирок бул кайрылуунун чын-бышыгын эч бир тарап тастыктаган жок.

XS
SM
MD
LG