Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:07

Бишкектеги талоончулуктан ишкерлер орто эсеп менен 100 миллион доллар зыян тартышты


БИШКЕК. Коопсуздук чараларды көрүүнүн натыйжасында соңку күндөрү Кыргызстанда, айрыкча Бишкекте коопсуздук кырдаал бир кыйла жакшырды. Мындай билдирүүнү курамына эларалык жана жергиликтүү ишкерлер киришкен Эларалык кеңештин жетекчилери 28-мартта Бишкекте өткөн маалымат жыйында билдиришти. Ошондой эле аталган кеңеш Кыргызстандын жаңы бийлигинен кыска мөөнөттүн ичинде өлкөдөгү мыйзамды жана тартипти, макроэкономикалык туруктуулукту, банк системасын коргоп калууну, ал эми келчекте салык системасын ишкерлерге ылайыктуу жакшыртууну сунушташты. Эларалык кеңештин башчысы Дэвид Гранттын айтымында, 24-марттан кийинки талап тоноонун натыйжасында Кыргызстандагы жергиликтүү жана эларалык ишкерлер орто эсеп менен 100 миллион доллардык зыян тартышты.

XS
SM
MD
LG