Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:47

Мамлекеттик комиссия түзүүнү Бакиев колдоду. Текебаев Акаевди чакырууну сунуштады


БИШКЕК. Өлкөдөгү кырдаалды жөнгө салуу үчүн мамлекеттик комиссия түзүү керек. Мындай демилгени жаңы парламенттин төрагасы Өмүрбек Текебаев көтөрдү. Анын пикиринде, комиссия Кыргызстандагы бийликтин мыйзамдуу өткөрүлүшүн камсыз кылышы керек. Ал үчүн президент Аскар Акаев менен байланышып, бийликти мыйзамдуу өткөрүп алуунун шарттарын макулдашуу зарыл. Комиссия түзүү жөнүндөгү токтом долбоорун иштеп жаткан депутат Каныбек Иманалиев анын курамына өкмөттүн, эски, жаңы парламенттин депутаттары, координациялык кеңештин мүчөлөрү, акыйкатчынын, коомдук бирикмелердин өкүлдөрү киришин, комиссияны Феликс Кулов жетектешин каалайт. Комиссия тез арада белгилеген багыттарды Жогорку Кеңеш бекитип, аны премьер-министрдин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиев аткарууга киришүүсүн жактайт. Премьер-министр Курманбек Бакиев ушул эле күнү парламенттин мамлекеттик комиссия түзүү демилгесин колдоорун билдирди.

XS
SM
MD
LG