Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:30

АКШ Ооганстандагы авибазаларын жаңылайт


Негизги авиабазалардын жаңыланышына 80 миллион доллар бөлүндү. Генерал Жэймс Хант ырастагандай, Кандагар жана Баграмдагы аба майдандарда реконструкция иштери башталды. Аскерлер учак конуу тилкесин, жолдорду жана башка жабдыктарды оңдоого киришти. Аталган шаарлардагы базаларда коалициянын 150гө жакын учагы бар. Бүгүн Кабулдун чет жакасындагы америкалык жана британиялык аскерий базаларын байланыштырган жолдо бомба жарылып, кеминде 4 киши жарадар болду. НАТОнун бейпилдик күчтөрүнүн басма сөз өкүлү майор Жо Боуман бул маалыматты бышыктады. Мындан үч жумача мурун Кабулда шотландиялык гуманитардык кызматкер атып өлтүрүлгөн.

XS
SM
MD
LG