Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:07

Америкалык дагы бир жоокердин иши сотто каралууда


Германиядагы америкалык базалардын биринде АКШ армиясынын капитаны Рохелио Майнулеттин үстүнөн сот процесси башталды. Ага ирактык жарадар бир кишини атып салган деген айып тагылууда. 2004-жылы Куфа шаарынын жанында америкалык патруль жолдо кетип бараткан машинага ок ачкан. Аскерлер согушкерлер деп шектелген эки адамды жарадар кылышкан. Капитан Майнулет катуу жаракат алган бир кишисин атып өлтүргөн. Анын кол астындагы жоокерлер капитан жарадар киши кыйналбасын деп ок чыгарганын сотто айтышты.
Майнулеттин күнөөсү далилденсе, ал 20 жылга түрмөгө кесилиши ыктымал.

XS
SM
MD
LG