Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:47

29-марттагы “Аалам”, “Агым” гезиттери эски жана жаңы парламентеги талаш-тартыштар, жаңы өкмөттүн курамы, Бишкектин дүкөндөрүн тоноолор тууралуу жазды.

29-марттагы “Агым” гезитинде кабарчы Айнагүл Сапарбек кызы №1 Университет шайлоо округунан Бермет Акаевага атаандаш болгон Болот Марипов менен маектешкен. “Орусиялык айрым басылмалар аркылуу Аскар Акаевдин азыркы бийликти тааныбашын, чет жерде убактылуу гана жүргөнүн жана кайра келээринен кабардар болдук. Бул боюнча эмене дейсиз” деген кабарчынын суроосуна Болот Марипов “Балким Акаевдин үмүтү үзүлбөй жаткандыр. Кандай болгон шартта да, кайра кайтууга жолу жок. Менимче, бизде баарын тартипке келтирүүгө, жаңы жашоо, нормалдуу экономикалуу өлкөнү курууга абдан жакшы мумкүнчүлүктөр бар. Кудай буюрса, бир сындырым нанды ойлонтпогон заман келээр. Буга тоскоол кылчу акаевдик режим жок” деп жооп берген Болот Марипов.

Ошондой эле “Агым” гезити Бишкектеги дүкөнү тонолгон Тагай Белековдун жаңы бийликке жолдогон катын жарыялады. “Көчөдө турган кемакыл ”революция” деп көкүрөгүн керип коёт. Аны болсо эмне иш кылганын сезбеген дагы бир топ коштоп жүрөт. Конституцияда “революция” деген түшүнүк жок. Мыйзамдуу “эволюция менен өнүгүү” деп жазылган эмес беле? Революция - бул мыйзамсыз жол! Революция мага окшогондорго тийгизген жоготууларды кайтарып берсин” деп кайрылат жаңы бийликке Тагай Белеков.

Ушул “Агымдын” кабарчысы Мамат Сабыровдун “Үч баштуу” парламент, Акаевди “сагынган” депутаттар, эл кайра толкуйбу?” деген макаласында жаңы парламентке төрага болуп Өмүрбек Текебаевдин шайланганы баяндалып, “Жаңы төраганын айтуусуна караганда, жаңы парламент мамлекеттик комиссия түзүп, Аскар Акаев менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзмөкчү.”Мындай сүйлөшүү болушу мүмкүн. Жакынкы күндөрдө бул боюнча бир чечимге келебиз” дейт Өмүрбек Текебаев.

Ушул гезитте дагы кандай мазмундагы макалаларга орун берилгенин жооптуу катчысы Гүласина Каленова мындайча айтып берди.

-Эски жана жаңы парламенттеги сессияда каралган маселелер, жаңы өкмөттүн координациялык мүчөлөрү тууралуу баяндама, Жалалабаттагы улуттук банктын филиалынын каракталышы тууралуу Улуттук банктын төрагасы Улан Сарбанов менен маек, Кыргыз ыңкылабына карата оң-терс баалар, түрдүү пикирлер, Аскар Акаевдин командасындагылардын учурдагы абалы жөнүндө макала, таланып- тонолгон дүкөндөрдөн репортаж чыкты.

29-марттагы “Аалам” гезити өлкөдөгү башаламандыкты, талап-тоноочулукту жөнгө салуудагы “Арнамыс” партиясынын лидери Феликс Куловдун аракеттери тууралуу баяндады.

Ушул басылмада кандай мазмундагы макалаларга орун берилгенин редактордун орун басары Аида Надырбекова мындайча айтып берди:

-Бардык бийлик элдин колуна өттү деп жатышат. Чынында андай эмес. Элди көрбөй, тоготпой көзүн май баскан, байлыкка мас болгон Акаевдин үйбүлөсүнөн бийликти эл күч менен тартып алып, убактылуу өкмөт деп аталган Курманбек Бакиевди тегеректегин бир ууч чиновниктердин колуна салып беришти” деп жазган журналист Чолпонбек Абыкеев өлкөдөгү абалга, бийлик бөлүштүрүүгө өз пикирин билдирет. “Өлкөдө экономикалык, парламентте саясый кризис башталды” деген кабарчы Семетей Талас уулунун макаласы жарык көрдү. Ошондой эле өкмөт үйүн алууда эл токмоктоп салган генерал Абдыгул Чотбаевди коргоп калган жигит менен болгон интервьюга орун берилди.

28-марттагы “Вечерний Бишкек” гезити баш калаада тартип орноп, айрым талап- тоноочулар кармалып, суракка алынып жатканын маалымдады. “Дордой” базары дүйшөмбүдөн баштап иштеп, коопсуздук сакталганын кабарлады. Ошондой эле жаңы өкмөттүн курамы менен окурмандары тааныштырды.

29-марттагы “Эркинтоо” гезити да бийликтин алмашуусу тууралуу жазып, жаңы өкмөттүн курамын жарыялады.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG