Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:18

ЕВА КУИСТОРП: "КОРРУПЦИЯДАН АРЫЛУУ ҮЧҮН АЯЛДАР БИЙЛИККЕ КӨБҮРӨӨК АРАЛАШЫШЫ ЗАРЫЛ"


Кыргызстандагы соңку окуяларда элдин көтөрүлүшүнүн башкы себептеринин бири – аткаминерлердин арасында алдым-жуттумдуктун тамыр жайышы болду. Ошондуктан эл жаңы бийликтин коррупция менен чындап күрөшүшүн күтөт. Бирок мындай өзгөрүшкө катардагы шайлоочулар өздөрү да салым кошо алышат. «Азаттыкка» берген интервьюсунда Германияда коалициялык өкмөткө кирген Жашылдар партиясынын мүчөсү жана Европарламенттин мурдагы депутаты Ева Куистроп коррупцияга малынбаган кесипкөй аялдар бийликтин ар кыл баскычтарына келсе, алкымы бузуктарга бут тосулмак деп эсептейт. Аны менен интервьюда Куистроп сөзүн "аялдар канткенде бийликке тартылат?" деген суроого жооп берүүдөн баштады.

- Аялдар канткенде бийликке тартылат?

- Мен Кыргызстанда эч качан болгон эмесмин, бирок 1991-жылы Казакстанга барганда кыргыз дипломат айымдары менен жолуккам. Бизде Батыш жана Чыгыш Германия кошулганда, адамдар жашаган, иштеген жеринде чогулуп, радио телевидениеден чыгып, проблемаларын айтып, кызматташтык климаты түзүлгөн. Өкмөттү кууп таркатып жибериш жетиштүү эмес. Ишенимдүү адамдар ишке келсин, таза иштөөгө шарт түзүлсүн. Аялдар чоң кызматтарда эле болбостон, ортоңку деңгээлде да, жер-жерлерде да иштиктүү, жоопкерчиликтүү кызматтарда болушу керек. Эгер алар бир-бирин колдоп, элге чыгуунун жолдору, аялдардын кызыкчылыктары тууралуу түшүнүктөрү болсо, айыл өкмөтүнүн деңгээлинде да алар чоң таасирге жете алышат. Бул жаатта биз европалыктар да айрым тармактарда кызматташа алабыз деп ойлойм.

- Кыргызстанда бүгүн жаңы парламентте аялдардын саны 3 пайызга да жетпейт. Башкача айтканда, эларалык 15 пайызды кой, араб өлкөлөрүнөн да артта калды. Өкмөттө да айымдар дээрлик жокко эсе. Эски бийликтин тушунда чындыкты бетке айтып, коррупциялык иштердин бетин ачып, сөз эркиндигин, атуулдук коомду алга сүрөгөн айымдар обочодо кала беришти.

- Айымдар жок дегенде акимдердин кызматына келиши керек. Биз квота болсун деп жатканыбыз ошондон. Эгер жогорку кызматтарда аялдар бирин-экин болсо, алар көп нерсени өзгөртө албайт. Ошондуктан бир канча аял чогуу иштешкени максатка ылайык. Балким жалаң эле аялдар эмес, силердин өлкөдө түшүнүктүү эркектер да бардыр. Алар дүйнөнүн көп мамлекеттери аялдарга кеңири мүмкүнчүлүк берүү менен жакшы жылыштарга жетишкенин билишээр. Германияда парламенттин жетекчиси аял болгон. Бул абдан таасирлүү кызмат. Же парламенттик комитеттердин айрымдарын, мисалы финансы комитетин аялдар жетектеши мүмкүн. Силердин өлкөдө буга чейин бийликте негизинен эркектер туруп келди, ошол шартта коррупция жайылды. Силерде дарыгер, мугалим, фермер, инженер, журналист, окумуштуу болуп иштеген аялдар бар, алар айрым эркектердей коррупциялашкан эмес, себеби мамлекеттин акчасын же кредиттерди уурдаган эмес. Ошондуктан Кыргызстанда дал азыр, бийлик алмашып жатканда, аялдарды, айрыкча коррупциялык жана кландык кызыкчылыктары болбогон аялдарды жогорку кызматтарга алып келиш керек деп ойлойм.

- Европада аялдарга квота бөлүү талабын 80-жылдары биринчилерден болуп Германияда жашылдардын өкүлдөрү көтөрүп чыккан. Ошондой эле аялдар эне, дарыгер, мугалим катары ар кандай тараптар менен диалог түзгөнгө шыктуу келет.


- Ал эми квота маселесинде аны советтик системанын саркындысы деп четке каккан туура эмес. Бул демократиянын маселеси. Бир жынысты таасирлүү мамлекеттик кызматтардан четтетип салган демократияга жатпайт. Бул өлкөнү да чабалдатат. Бир-эки аялга гана иш берип, калгандарын четке чыгарып салсаңар, өз коомуңарды аялдардын илим-билиминен жана тажрыйбасынан кур-жалак калтырып жатасыңар.

КОШУМЧА МААЛЫМАТ: Ева Куистроп негиздөөгө жардамдашкан Германиянын Жашылдар партиясында аялдарга 50 пайыз квота бөлүнгөн, бүгүн Европа парламентинде 30 пайыздык квота бар. Бул жылыштар кесиптик кошуундарда, чиркөөлөрдө жана башка саясий партияларда да колдоо тапкан. Ал эми Франция акыркы эки жылда парламентте 30 пайыздык квота киргизди.
XS
SM
MD
LG