Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:03

Белоруста антиөкмөттүк демонстрациянын катышуучулары жазаланды


Кечээ Белорустун Минск шаардык соту антиөкмөттүк демонстрацияга катышкан 24 адамды үч күндөн 15 күнгө чейин эркинен ажыратты. Өткөн жума күнү болгон демонстрациянын уюштуруучулары үч жылга чейин эркинен ажыратылат деп күтүлүүдө. 25 март күнү Минскинин борбордук аянтына чыккан миңге жакын адам Белорус президенти Александр Лукашенконун бийликтен кетүүсүн талап кылышкан. Нааразылык жыйынын полиция күч колдонуп таратып, 34 адамды камакка алган.

XS
SM
MD
LG