Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:15

Башкатчы Кофи Аннан өзүн тазамын деп эсептейт


БУУнун башкатчысы Кофи Аннан Иракка жардам көрсөтүүгө багытталган “Мунай ордуна азык түлүк” программасын текешерүү учурунда аныкталган жемсөөлүккө эч кандай тиешеси жок экенине ишенет. Мындай билдирүүнү Аннандын өкүлү жасады. Бүгүн жарыя болчу иликтөөдө программа анын уулу иштеген швецариялык компанияга натуура бөлүнгөн деп, ал үчүн Аннандын сындалаары күтүлүүдө. Бирок БУУнун өкүлү Фред Экхарддын маалымдашынча:


-Компаниянын келишимди жеңип алуусуна Башкатчынын уулу иштегени эч кандай таасир этпегенин ал өзү өткөргөн ички изилдөө көрсөттү. Бул эртең ырасталарына ал чын жүрөктөн ишенет.

Мурдакы изилдөө Аннандын жооптуу жардамчыларын келишимдерди туура эмес бөлүштүрүүгө жол койду деп күнөөлөп, “Башкатчынын кудурети БУУну реформалоого жетеби?” деген суроо жараткан.

XS
SM
MD
LG