Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:57

Индонезия: зилзалада кеминде 50 киши каза тапты


Индонезиянын Суматра аралынын жээгинде кубаты 8,7 баллга жеткен жер титирөө болду. Зилзаланын очогуна жакын Нияз аралында жүздөгөн тамдар жердин силкинүүсүнөн олуттуу зыян тартты. Жергиликтүү бийликтер кеминде 50 адам ураган имараттардын астында калып, мерт болгонун айтууда. 26- декабрда Түштүк Азияда топон суу коштогон жер титирөө болгондо 300 миңге жакын адам набыт болгон. Ал эми Суматранын Банда Ачех шаары катуу жабыркаган. Кечээки жер тербетүүгө байланыштуу Индонезия, Тайланд, Шри Ланка, Мадагаскар жана Мавританияда элге топон суудан сактангыла деген эскертүү жасалды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG