Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:31

ЭЛ ӨКҮЛДӨР ЖЫЙЫНЫ ИШИН ТОКТОТТУ


Бүгүн мурдагы Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын депутаттары өз ишин мындан ары токтотуу тууралуу чечим кабыл алышты. Алар өздөрүнүн атынан элге кайрылып, анда өлкөдөгү тынчтыкты сактоо максатында Эл өкүлдөр жыйынынын ишин токтотуу тууралуу чечимге келишкенин билдиришти. Жыйынга Курманбек Бакиев, Чолпон Баекова, Турсунбай Бакир уулу катышты. Бакиев депутаттарга ыраазычылык билдирди. Ал эми Чолпон Баекова жаңы парламент легитимдүү экенин, бирок айрым шайлоо аймактарындагы чыр-чатактар териштирилээрин айтты.

Жаңы Жогорку Кеңеш болсо жыйынын бүгүн да улантып жатат. Анда уюштуруу иштери каралууда. Балким төраганын орун басарын шайлап да калышы ыктымал.

Жогорку Кеңештин имаратынын алдында 150дөй киши турат. Алардын жарымы жаңы парламентти колдосо, айрымдары эски парламент ишин уланта бериш керек, жаңы шайланган депутаттарды таратыш керек деген пикирде.

Феликс Кулов 28-мартта "Пирамида" телеканалынан сүйлөп, анда ал Курманбек Бакиевди экономиканы жакшы билген мыкты жетекчи катары баалап, ким ага президент катары добуш берсе жаңылбайт деди.

Бүгүн саат 14.00дө мурдагы министрлер Темирбек Акматалиев менен Кеңешбек Дүйшөбаев ""АКИпресс" агенттигинде маалымат жыйынын өткөрүшүп, "Акыйкат" саясий кыймылы жана келечек пландары тууралуу айтып беришет.

XS
SM
MD
LG