Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:13

Ганси аскер базасы ишин уланта берет


Кошмо Штаттары башында турган антитеррордук коалициянын "Манас" аба майданындагы Ганси атындагы аскер базасы ишин уланта берет жана статусун өзгөртпөйт. Кыргызстандын президентинин милдетин аткаруучу премьер-министр Курманбек Бакиев менен Кошмо Штаттарынын Бишкектеги элчиси Стивен Янг дүйшөмбү күнү жолугушуп, сүйлөшүүлөрдү өткөргөн. Мындан мурда АКШнын мамлекеттик департаментинин өкүлү Адам Эрели Кыргызстандын жаңы бийлиги антитеррордук күрөшкө шерик бойдон калат деп Вашингтон ойлоп жатканын айткан эле.

XS
SM
MD
LG