Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:48

Бакыт Аманбаев, Бишкек Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр палатасы 29-мартта жыйын өткөрүп, өз ишин токтотту. Бир күн илгери Мыйзам чыгаруу жыйыны да өз ишмердүүлүгүн токтоткондугун жарыялаган. Жыйындын катышуучулары эл өкүлдөрүнүн жогорудагыдай чечимин өлкөдө түзүлгөн парламенттик кризиске чекит койгон тарыхый чечим катары баалашты.

Кош палаталуу Жогорку Кеңеш өз ишмердүүлүгүн 2000-жылдын 14-апрелинде баштаган. Буга байланыштуу Жогорку Кеңештин кош палатасы Башмыйзамга ылайык өз ишин беш жылдан кийин, тагыраак айтканда, 2005-жылдын 14-апрелинде токтотушу керек эле. 24-марттагы бийлик алмашуудан соң Кыргызстанда парламенттик кризис түзүлдү.

Анткени мындай ынкылапка алып келген нааразылык акциянын катышуучулары парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылышып, өлкөдөгү кырдаалды Жогорку Кеңештин мурдагы кош палатасынын жыйынында талкуулоону талап кылышты. Натыйжада Жогорку Кеңештин кош палатасы жана жаңыдан шайланган бир палаталуу парламент өз ишин жарыша баштады.

Ошентип юридикалык жактан алганда парламенттик кош бийлик түзүлдү. Бир эле мезгилде эски жана жаңы парламенттердин жарышып иштеп турушу өлкөдөгү кырдаалды огор бетер курчутту. Талаш-тартыштан соң көп өтпөй Мыйзам чыгаруу жыйыны өз ишин токтотту.

Ал эми 29-мартта Эл өкүлдөр жыйыны ушундай эле чечимге келди. Бул күнкү жыйынга өкмөт башчы, президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиев, Жогорку соттун жана Конституциялык сот жетекчилери катышты. Курманбек Бакиев Эл өкүлдөр жыйынынын мындай чечимин тарыхый чечим катары баалады:

- Азыркы кабыл алган чечимиңер өтө маанилүү, тарыхый чечим. Себеби бул чечимдин негизинде жаңы шайланган Жогорку Кеңеш өз ишин баштап, көчөдө турган эл жана шайлоодон кийин пайда болгон тополоңдор токтойт.

Белгилей кетүүчү нерсе, нааразылык акциялары адеп башталганда анын катышуучулары парламенттик шайлоонун мыйзам бузуулар менен өткөндүгүн айтышып, анын жыйынтыгын жокко чыгарууну, президент Аскар Акаевди кызматтан кетирүүнү талап кылышкан.

Буга байланыштуу айрым байкоочулар элдин негизги бир талабы – жаңы парламентти таратуу мүдөөсү толук аткарылбай калгандыгын айтышууда. Ал эми шайлоочулардын мындай талаптарын Курманбек Бакиев сот аркылуу чечүүнү сунуштады:

-Парламенттик шайлоодо өтпөй калган талапкерлер дагы деле сотко кайрылышса болот. Мына бул жерде Жогорку соттун төрагасы жана БШКнын жетекчиси отурушат. Алар арыздарды мыйзамдын чегинде чечишет. Бул өз мезгилинде элдин парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу талабынын кандайдыр бир деңгээлде аткарылышын камсыз кылат.

Жогорку Кеңештин кош палатасынын өз ишин мөөнөтүнөн мурда токтотушун өлкөдөгү жарандык коомдун өкүлдөрү да колдоп чыгышты:

-Жаңы шайланган парламенттин легитимдүү деп табылганы туура болду. Бирок шайлоо мезгилинде чыр болгон, мыйзам бузуулар менен шайлоо өткөрүлгөн участоктордо кайрадан добуш берүү өткөрүлүшү зарыл. Эл колдогон, эл шайлаган талапкерлер депутат болуш керек. Ошондо гана нааразылык акциялары токтойт,
деди «Кылым шамы» бейөкмөт уюмунун башчысы Азиза Абдрасулова.

Айта кетүүчү нерсе, жаңы парламенттин өз ишмердүүлүгүн башташын Кыргызстандын мурдагы бийлик өкүлдөрү да колдошууда. Буга байланыштуу жергиликтүү байкоочулар эски Жогорку Кеңештин өз ишин токтотушу менен «март ынкылабынан» кийин Кыргызстанда түзүлгөн парламенттик кризис чечилгендигин айтышууда. Ал эми ушуну менен өлкөдөгү саясий кырдаал турукташабы же жокпу аны убакыт көрсөтөт.
XS
SM
MD
LG