Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:04

ЖАҢЫ БИЙЛИКТИН ЭКОНОМИКАЛЫК ПРОГРАММАСЫ БАР


Сапар Орозбаков, Бишкек Мурдагы бийлик оппозицияны эч кандай программасы жок деп айыптап келген болчу. Мамлекеттик катчы болуп дайындалган Дастан Сарыгулов 28-мартта чет өлкөлүк жана ата мекендик ишкерлер менен жолугушуп, жаңы бийликтин экономикалык программасы бар экендигин жарыя кылды. Ал жолугушууда программанын урунтуу жерлери жөнүндө айтып берди.

Дастан Сарыгулов бийликке келгендердин өз программасы бар экендигин, бирок аны жаңы түзүлгөн өкмөт талкуулап, бекитиши керек экендигин билдирди. «Ошондо гана ал коомчулукка жеткирилет» деди мамлекеттик катчы.

Бирок ал аны күтпөй ишкерлерге жаңы бийликтин программасынын айрым урунттуу жерлери жөнүндө айтып берди:

- Биз бир нече конкреттүү чараларды көрөбүз деп үмүт кылабыз. Биринчи кезекте салыкты азайтуу зарыл. Бүгүн Казакстанда жана Орусияда салык 15-20% төмөн. Кайсы жерде ишкерлик кылуу жеңил? Албетте, кайсы жерде салык аз болсо жеңил.

Мамлекеттик катчы ошондой эле ишкерлерди каттоодо буга чейин колдонулуп келген уруксат берүү принцибинен жөн эле жарыялоо принцибине өтүү зарыл экендигин белгиледи. Ал ишкерлерди «жаңы бийлик либералдуу саясат жүргүзөт» деп ишендирди. Бирок ал административдик тоскоолдуктарды алып салууга багытталган инвестициялык матрицаларды кескин сынга алды. «Канча матрица иштелип чыкты, экономиканын өнүккөнү гана» деди Дастан Сарыгулов.

Ал прогамманын үчүнчү маанилүү жери катары мамлекеттик аппаратты кыскартууну көрсөттү:

- Мен мынча райондун, мынча облустун, ушунчалык чоң аппараттын, мынчалык көп министирликтин болушунун зарылчылдыгын көрө албай турам, - деди Дастан Сарыгулов.

Мамлекеттик катчынын пикиринде, Кыргызстан кичинекей өлкө болгондуктан азыркы район менен облустарды жоюп, алардын ордуна райондон чоңураак, облустан кичирээк территориялык бирдиктерди түзүш керек.

Жыйынга катышкан Феликс Кулов болсо бийлик менен ишкерликтин биригип кеткенине кеңири токтолду. Ал бийликтегилер кызмат ордун пайдаланып, өз бизнесине ар кандай жеңилдиктери жана артыкчылыктарды алып, башкаларга баш көтөртпөй жаткандыгын баса белгиледи:

- Бизнес менен бийликтин кошулуп кетиши биз үчүн чоң трагедия. Бийликке ээ болгон чиновниктер башкаларды түртүп чыгып, өздөрүнүн туугандарын киргизет. Бийлик алмашса, ишканалардын ээлери алмашат. Адилетсиз атаандаш башталат. Ишкерлерди андан кантип коргош керек? Аны бир гана сот системасы гана камсыз кыла алат.

Анын пикиринде, бул үчүн сотторду тандап алуу жолдорун катаалдантуу зарыл. Ошондой эле соттор бийликтин көзүн карап, иш кылбаш үчүн алардын айлыгын көтөрүү керек. Феликс Кулов элди көчөгө чыгарган соттун адилетсиз чечимдери болгондугун эскертти.

Жаңы бийликтин өз программасы жөнүндө мындай билдирүүсүн ишкерлердин баары бирдей кабыл алган жок. Айрым ишкерлер Мамлекеттик катчынын салыкты азайтабыз дегенин жеңил популизм деп баалашты:

-Албетте, Сарыгулов да, Путин да, Назарбаев да, салыкты азайталы деп айтат. Каримов деле салыкты азайталы деп жатпайбы. Айткан сөз менен жасаган иш таптакыр башка болот да. Салыкты азайтканда, бюджетти кантип толтурат? Бул жеңил-желпи нерсе эмес да, айтып койсо эле болуп калгандай. Пенсия бербей койсоң эл көчөгө чыгат. Айлык бербесең, бюджеттегилер чыгат. Ошондуктан бул чоң маселе. Отура калып эле айта бергенде болбойт. Муну популизм деп коет, – деди жыйынга катышкандардын бири - белгилүү ишкер Өмүрбек Абдрахманов.

XS
SM
MD
LG